DOLON MEDIA

Нарында Улуу Жеңиштин 78 жылдыгы белгиленди


Бүгүн, 9-майда Нарын шаарында Улуу Жеңиштин 78 жылдыгы  салтанаттуу белгиленди. Алгач эскерүү митинги Нарын шаарындагы “Жеңиш 70” скверинде башталып, Советтер Союзунун Баатырлары Анварбек Чортеков менен Дайыр Асановдун эстелигине гүл коюлуп, куран окуу менен башталды. Андан соң “Тянь-Шань” паркындагы  Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон жоокерлердин жаркын элесине арналган эстеликке гүл коюлуп, куран окулуп, эскерүү мүнөтү жарыяланып, асманга ок чыгарылды. Паркка чогулгандар борбордук аянтка жөө жүрүш менен келишти.

Улуу Жеңиштин 78 жылдыгына арналган майрамдык иш-чаранын салтанаттуу бөлүгү Т.Усубалиев атындагы борбордук аянтта уланды. Анда облус башчысы Алтынбек Эргешов, ардагерледи жана жалпы теңиртоолуктарды Жеңиш күнү менен куттуктап,  9-Май – аталардын тɵгүлгɵн каны, энелердин кɵз жашы, балдардын кусалыгы, согуштан соолуган элдин үмүт-тилеги акталган ыйык күн экенин белгиледи.

Андан соң майрам күч түзүмдөрүнүн жана окуучулардан куралган “милициянын жаш жардамчысы” командаларынын, күч техникалардын парады, маданият тармагынын өнөрпоздорунун театралдашкан оюн-зоок, концерттик программасы менен коштолду. Соңунда аянтта тигилген аскер чатырларында ардагерлерге, солдаттарга “солдат боткосу” берилди.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.