DOLON MEDIA

А.Апсалиева: “Акча чогултуу фактысы аныкталса сөзсүз жаза берилет”


Билим уяларында  “Акыркы коңгуроо” салтанаттары 25-майда бир мезгилде өтөт.  Ал эми тиешелүү буйруктарга ылайык, таң тосуу, кафеге баруу, жаратылышка чыгуу  салтанаттарын  өткөрүүгө, акча чогултуу,  мугалимдерге белек берүү сыяктуу иш-чараларды уюштурууга Билим берүү жана илим министрлигинин буйругуна ылайык тыюу салынды. Министрликтин буйругунун негизинде облустук, шаардык билим берүү бөлүмдөрү жана ар бир мектеп ички буйруктарын чыгарып, педагогикалык кеңештердин чечимдерин кабыл алынып,  алар  мектептерде көрүнүктүү жерлерге илинүүдө.

Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Айнура Апсалиева  25-майда өтүүчү “Акыркы коңгуроо” иш-чарасын өткөрүүдө  коопсуздук  чараларын камсыз кылуу ар бир мектептин директоруна милдеттендирилгенин белгилеп, бул күнү ар кандай  иш-чараларды уюштурбоо, алдын алуу үчүн билим берүү бөлүмү, милициянын жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекторлору (ИДН)  жана мектеп администрациясы  биригип ар бир чөлкөмдө кыдыруулар  уюштурууларын кошумчалады.

“Тиешелүү буйруктар менен таанышып, ар бир мектеп директору, класс жетекчилер кол коюп беришти. Бүтүрүүчү класстын класс жетекчилери баалуу белек, акча  алуу сыяктуу фактылар болсо мектеп директору, мугалим, класс жетекчини дагы жумуштан бошотууга чейинки чара колдонулаары эскертилип жатат. Акыркы коңгуроого окуучулар үстү ак, асты кара кийинип,  чачына бантик тагынып келиши керек. Ар кандай ата-энелер бар. Алардын ою башкаларга таасир бербеши керек. Акча чогултуу фактысы аныкталса сөзсүз жаза берилет. Бул жактан ата-энелер дагы бизге көмөкчү болушса”,-дейт А.Апсалиева.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.