DOLON MEDIA

Дүйнө

Кэмерон: Кыргызстандын өнөктөштөрдү тандоо укугу болушу керек

Британ тышкы иштер министри Дэвид Кэмерон Кыргызстандын “өнөктөштөрдү тандоо укугу болушу керек” деген пикирин билдирди. Ал бул тууралуу 22-апрелде Бишкекте Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен жолугушкандан кийинки брифингде айтты. Кэмерон Кыргызстандын экономикалык багытта Кытай баштаган өнөктөштөрү бар экенин, өлкөнүн өнөктөш тандоо укугу болуш керектигин белгиледи. Ал Бишкектеги жолугушууларда британ-кыргыз кызматташтыгы талкууланганын жана аны …

Кэмерон: Кыргызстандын өнөктөштөрдү тандоо укугу болушу керек Толугу менен »

Украинада каза болгон 51 миңден ашык орус аскеринин аты-жөнү такталды

“Би-Би-Синин” орус кызматы менен “Медиазона” басылмасынын журналисттери 19-апрелге карата Украинадагы согушта 51 096 орус аскери каза болгонун аныктап чыгышты. Изилдөөчүлөрдүн айтымында, каза тапкандардын бери дегенде эле 43 пайызын согушка чейин армия менен байланышы болбогондор түзөт. Журналисттер согушта мерт болгондордун тек-жайын жергиликтүү бийликтердин айткандары, маркумдардын жакындары бөлүшкөн кабарлар, көрүстөндөр өңдүү ачык булактардан алынган маалыматтын негизинде тактап …

Украинада каза болгон 51 миңден ашык орус аскеринин аты-жөнү такталды Толугу менен »

Садыр Жапаров расмий сапары менен Казакстанга барат

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров казак лидери Касым-Жомарт Токаевдин чакыруусу менен 18-19-апрель күндөрү расмий сапары менен Казакстанга барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди. Сапардын алкагында эки өлкөнүн президенттери жолугуп, өз ара кызыгуу жараткан бардык багыттар боюнча эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин, ошондой эле кыргыз-казак мамилелеринин өнүгүү келечегин талкуулашат. Садыр Жапаров …

Садыр Жапаров расмий сапары менен Казакстанга барат Толугу менен »

Жапонияда жер титирөөдөн каза болгондордун саны 84кө жетти

1-январда катталган Жапониядагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны 84 кишиге жетти. Бул тууралуу NHK телеканалы кабарлады. Маалыматка караганда, 4-январда Исикава префектурасында 84 кишинин өлүмү ырасталды. Мындан тышкары аймактын дагы 300дөн ашык тургуну олуттуу жаракаттарды алган. Дүйшөмбү күнү Жапониянын Исикава префектурасында күчү 7,6 баллга жеткен жер титирөө болгон. Жер бир нече жолу силкинип, миңдеген имарат, он …

Жапонияда жер титирөөдөн каза болгондордун саны 84кө жетти Толугу менен »

Казакстанда кызамыктан эки наристе чарчап калды

Казакстанда кызамыктан эки бала чарчап калганын 28-декабрда саламаттык сактоо министринин орун басары Айжан Есмагамбетова билдирди. Маалыматка караганда, эки наристе тең бирге чыга элек болчу. 25-декабрга карата расмий маалымат боюнча Казакстанда кызамык жуктургандардын саны 27 миңге жетти. Бийлик илдеттин жайылышынын себебин вакцинациядан баш тарткандардын көптөгүнөн көрүүдө. АКШнын Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борборунун (CDC) Казакстан кызамыктын …

Казакстанда кызамыктан эки наристе чарчап калды Толугу менен »

Парижде жумушчулардын иш таштоосунан улам Эйфел мунарасы жабылды

Шаршембиде Париждин негизги кооз жерлеринин бири болгон Эйфел мунарасы туристтер үчүн жабылды. Буга кызматкерлердин иш таштоосу себеп болду. Жумушчулар башкаруучу компанияны кирешеге гана кызыгып, мунараны техникалык жактан камсыздоого жана оңдоого жетиштүү көңүл бурбай жатат деп айыпташууда. Иш таштоону уюштурган CGT кесиптик кошууну техникалык көйгөйлөргө көңүл бурулбаса, 2024-жылы Парижде өтө турган Олимпиада оюндарынын ачылышына чейин мунара …

Парижде жумушчулардын иш таштоосунан улам Эйфел мунарасы жабылды Толугу менен »

Санкт-Петербургда ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жыйыны өтүүдө

25-декабрда Евразия экономикалык бирлигине (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөрдүн президенттери Владимир Путиндин чакыруусу менен Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйынына катышуу үчүн Санкт-Петербургга келишти. Маалыматтарга караганда, дүйшөмбү күнү Борис Ельцин атындагы президенттик китепканада Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин тар чөйрөдөгү жыйыны өттү. ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин башчылары интеграциялык жараяндарды мындан ары өнүктүрүүнүн негизги багыттарын талкуулашат. ЕАЭБ өлкөлөрү менен Ирандын ортосунда …

Санкт-Петербургда ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жыйыны өтүүдө Толугу менен »

NYT: Путин Украинадагы согушту токтотуу боюнча сүйлөшүүлөргө даяр

Орусиянын президенти Владимир Путин фронттун азыркы чийининдеги позицияларды сактап калуу шарты менен Украинада ок атууну токтотуу боюнча сүйлөшүүлөргө даяр. Бул тууралуу The New York Times (NYT) гезити мурда жогорку кызматта иштеп, Кремлдеги байланыштарын сактап калган Орусиянын эки өкүлүнө, ошондой эле Путиндин эмиссарларынан тиешелүү сунуштарды алган АКШнын жана башка өлкөлөрдүн расмий адамдарына шилтеме кылып жазды. Москва …

NYT: Путин Украинадагы согушту токтотуу боюнча сүйлөшүүлөргө даяр Толугу менен »

Садыр Жапаров Евразия кеңешинин жыйынына катышат

Президент Садыр Жапаров Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин (ЖЕЭК) отурумуна жана Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине кирген өлкөлөрдүн жетекчилеринин бейформал жолугушуусуна катышуу үчүн Орусияга барат. Жолугушуулар 25-26-декабрда Санкт-Петербург шаарында боло турганын президенттик администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди. Маалыматка караганда, 2030 жана 2045-жылдарга чейинки мезгилде Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) алкагында интеграциялык процесстерди андан ары өнүктүрүүнүн …

Садыр Жапаров Евразия кеңешинин жыйынына катышат Толугу менен »

ХАМАС Израилдин сунушунан баш тартып койгону белгилүү болду

АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп таанылган палестиналык ХАМАС тобу Израилдин атышууну токтото туруу жөнүндөгү сунушун кабыл алуудан баш тартып койгонун бүгүн 21-декабрда The Wall Street Journal басылмасы египеттик расмий адамдардын маалыматына таянып жазды. Израил ХАМАСтын колунда барымтада турган 40 жаранын бошотуп алуу үчүн согуштук аракеттерин бир аптага токтото турууга макул экенин билдирген. Бул сүйлөшүүлөргө …

ХАМАС Израилдин сунушунан баш тартып койгону белгилүү болду Толугу менен »