DOLON MEDIA

Садыр Жапаров Евразия кеңешинин жыйынына катышат

Президент Садыр Жапаров Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин (ЖЕЭК) отурумуна жана Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине кирген өлкөлөрдүн жетекчилеринин бейформал жолугушуусуна катышуу үчүн Орусияга барат.

Жолугушуулар 25-26-декабрда Санкт-Петербург шаарында боло турганын президенттик администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

Маалыматка караганда, 2030 жана 2045-жылдарга чейинки мезгилде Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) алкагында интеграциялык процесстерди андан ары өнүктүрүүнүн милдеттери жана негизги багыттары каралат. Мындан тышкары, Иран менен ЕАЭБдин эркин соода аймагы жөнүндө макулдашууга кол коюу күтүлүүдө.

Азымбакиевдин белгилешинче, КМШга мүчө мамлекеттердин жетекчилери 2023-жылдын жыйынтыгы чыгарылып, кийинки жылдардын милдеттерин белгилөө менен эл аралык жана аймактык темалар боюнча пикир алмашат.

Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин (КМШ МБК) саммити быйыл 13-октябрда Бишкек шаарында өткөн. Саммитке Кыргызстандын лидеринен сырткары Орусиянын президенти Владимир Путин, Беларустун башында турган Александр Лукашенко, Азербайжандын президенти Илхам Алиев, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жана Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев катышкан.

Быйыл КМШга мүчө өлкөлөрдүн президенттеринин саммити Кыргызстандын төрагалыгы астында өттү. Бул жолку саммитке Армениянын премьер-министри Никол Пашинян келүүдөн баш тарткан. Молдова жыл башынан бери уюмдан чыгуу аракетин көрүп жаткандыктан, жыйынга катышпайт.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.