DOLON MEDIA

Санкт-Петербургда ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жыйыны өтүүдө

25-декабрда Евразия экономикалык бирлигине (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөрдүн президенттери Владимир Путиндин чакыруусу менен Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйынына катышуу үчүн Санкт-Петербургга келишти. Маалыматтарга караганда, дүйшөмбү күнү Борис Ельцин атындагы президенттик китепканада Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин тар чөйрөдөгү жыйыны өттү. ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин башчылары интеграциялык жараяндарды мындан ары өнүктүрүүнүн негизги багыттарын талкуулашат. ЕАЭБ өлкөлөрү менен Ирандын ортосунда эркин соода келишимине кол коюлары күтүлүүдө. Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө-мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин (КМШ МБК) саммити быйыл 13-октябрда Бишкек шаарында өткөн. Ага Кыргызстандын лидеринен сырткары Орусиянын президенти Владимир Путин, Беларустун башында турган Александр Лукашенко, Азербайжандын президенти Илхам Алиев, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жана Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев катышкан. Быйыл КМШга мүчө өлкөлөрдүн президенттеринин саммити Кыргызстандын төрагалыгы астында өтүүдө. Бул жолку саммитке Армениянын премьер-министри Никол Пашинян келбейт. Молдова да жыл башынан бери уюмдан чыгуу аракетин көрүп жаткандыктан, жыйынга катышпайт.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.