DOLON MEDIA

Садыр Жапаров расмий сапары менен Казакстанга барат

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров казак лидери Касым-Жомарт Токаевдин чакыруусу менен 18-19-апрель күндөрү расмий сапары менен Казакстанга барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди. Сапардын алкагында эки өлкөнүн президенттери жолугуп, өз ара кызыгуу жараткан бардык багыттар боюнча эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин, ошондой эле кыргыз-казак мамилелеринин өнүгүү келечегин талкуулашат. Садыр Жапаров мындан тышкары Кыргызстан менен Казакстандын Жогорку Мамлекеттер аралык кеңешинин алтынчы жыйынына жана “Манас” эпосунун каармандарынын Астанадагы эстелигинин ачылышына катышат. “Сапарга карата “Кыргызстан – Казакстан” бизнес-форуму, аксакалдардын жана чыгармачыл интеллигенция өкүлдөрүнүн тегерек үстөлү, кыргыз-казак жаштар форуму жана илимпоздордун “Кыргызстан менен Казакстандын актуалдуу маселелерин чечүүдө илимди өнүктүрүү келечеги” форуму сыяктуу бир катар иш-чаралар белгиленген”, – деп кошумчалады Азымбакиев.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.