DOLON MEDIA

Украинада каза болгон 51 миңден ашык орус аскеринин аты-жөнү такталды

“Би-Би-Синин” орус кызматы менен “Медиазона” басылмасынын журналисттери 19-апрелге карата Украинадагы согушта 51 096 орус аскери каза болгонун аныктап чыгышты. Изилдөөчүлөрдүн айтымында, каза тапкандардын бери дегенде эле 43 пайызын согушка чейин армия менен байланышы болбогондор түзөт. Журналисттер согушта мерт болгондордун тек-жайын жергиликтүү бийликтердин айткандары, маркумдардын жакындары бөлүшкөн кабарлар, көрүстөндөр өңдүү ачык булактардан алынган маалыматтын негизинде тактап жатышат. Алар Орусиянын түрдүү аймактарындагы 70 калктуу конуштун көрүстөндөрүндөгү абалды изилдеп чыгып, жоготуулардын реалдуу көрсөткүчү мындан эки эсе көп болушу мүмкүн экенин белгилөөдө. Москва менен Киев согуштагы өз жоготууларын ачыкка чыгарбай же азайтып айтып, душмандыкын көбөйтүп көргөзгөнгө аракет кылып келишет.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.