DOLON MEDIA

NYT: Путин Украинадагы согушту токтотуу боюнча сүйлөшүүлөргө даяр

Орусиянын президенти Владимир Путин фронттун азыркы чийининдеги позицияларды сактап калуу шарты менен Украинада ок атууну токтотуу боюнча сүйлөшүүлөргө даяр.

Бул тууралуу The New York Times (NYT) гезити мурда жогорку кызматта иштеп, Кремлдеги байланыштарын сактап калган Орусиянын эки өкүлүнө, ошондой эле Путиндин эмиссарларынан тиешелүү сунуштарды алган АКШнын жана башка өлкөлөрдүн расмий адамдарына шилтеме кылып жазды.

Москва Путиндин 2022-жылы февралда Украинага сол салар алдындагы билдирүүсүндө айтылган “атайын аскердик операциянын” максаттарынан расмий баш тарткан эмес. Ал максаттардын ичинде Донбассты Украинадан ажыратуу, ошондой эле бул өлкөнү денацификациялоо жана демилитаризациялоо болгон. Путин 14-декабрдагы басма сөз жыйынында “атайын аскердик операциянын” максаттары өзгөрбөгөнүн билдирген.

Бирок The New York Times белгилегендей, Путин Украинанын өткөн жылдын күзүндөгү ийгиликтүү контрчабуулдарынан кийин эле ок атышууну фронттун ошол кездеги чийининде токтотууга ыктай баштаган. Былтыр ноябрда Орусия Херсон шаарын таштап кеткенден кийин фронттун чийини бир аз гана өзгөрдү – орус аскерлери Бахмут шаарын ээлесе, Украина өлкөнүн түштүгүндө бир аз алдыга жылды. Басылма Кремлдеги абал менен жакындан тааныш булагына шилтеме кылып билдиргендей, Путин “тобокелдиктерди азайтууга аракет кылууда” жана пландалгандан кыйла узакка созулуп кеткен согушту түрдүү жолдор менен токтотууну көздөп жатат. Булактын айтымында, орус лидери “атайын аскердик операциянын” максаттары орундалбаса да “жеңишке жеткенин” жарыялоого даяр. АКШнын бир катар өкүлдөрү Путиндин мындай ниетине толук ишенбей жатышканын белгилешкен. Алардын айтымында, орус лидери согуш талаасында ийгиликке жете баштаса бул идеясынан кайра баш тартып коюшу мүмкүн. Басылма Украинанын мындай шарттарга макул болор-болбосу да так белгисиз экенин билдирди. Киев расмий түрдө Москва менен сүйлөшүүлөр орус аскерлери Украинанын эл аралык коомчулук тааныган аймагынан, анын ичинде 2014-жылы аннексияланган Крым жарым аралынан толук чыгарылгандан кийин гана жүрүшү мүмкүн экенин айтып келет.

Өз кезегинде Орусия расмий түрдө Крымдан тышкары Украинанын дагы төрт облусун (алардын бири да толугу менен Орусиянын көзөмөлүндө эмес) өз аймагы деп эсептейт.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков The New York Times’тын суроосуна жооп берип, “концептуалдык жактан алганда, басылма жазган тезистер туура эмес экенин”, Путин Орусиянын шарттарында гана сүйлөшүүлөргө даяр экенин айтты. Макалада белгиленгендей, Батыш өлкөлөрүнүн өкүлдөрү быйыл сентябрдан тарта Орусиядан Путиндин ок атышууну токтотууга кызыкдар экени тууралуу көптөгөн сигналдарды ала башташкан. Путин үчүн кийинки жылы мартта өтө турган президенттик шайлоого чейин согушту токтотуу идеалдуу болору айтылууда.

 

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.