DOLON MEDIA

ХАМАС Израилдин сунушунан баш тартып койгону белгилүү болду

АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп таанылган палестиналык ХАМАС тобу Израилдин атышууну токтото туруу жөнүндөгү сунушун кабыл алуудан баш тартып койгонун бүгүн 21-декабрда The Wall Street Journal басылмасы египеттик расмий адамдардын маалыматына таянып жазды. Израил ХАМАСтын колунда барымтада турган 40 жаранын бошотуп алуу үчүн согуштук аракеттерин бир аптага токтото турууга макул экенин билдирген. Бул сүйлөшүүлөргө Катар мен ен чогуу Египет да ортомчулук кылууда. ХАМАС тобунун лидерлеринин бири Исмаил Хания 20-декабрда Каир шаарында Египет бийлигинин өкүлдөрү менен Газа секторундагы кезектеги гуманитардык тыныгуу ыктымалдыгы тууралуу сүйлөшүү жүргүзгөнү, бирок жолугушуу майнапсыз аяктаганы маалымдалды. Израил 7-октябрдагы кол салууда барымтага алынгандардын арасынан 40 жаранын, бардык аялдар менен балдарды, медициналык жардамга муктаж болуп жаткан улгайгандарды бошотуу үчүн Газа секторундагы абадан жана жерден чабуулдарын бир аптага токтото турууга жана гуманитардык жардамды өткөрүүгө уруксат берүүгө макул экенин билдирген. ХАМАСтын Хания жетектеген делегациясынын мүчөлөрүнүн пикиринде, кайсы бир мунаса тууралуу айтардан мурда Израил Газадагы чабуулдарын токтотуп, аскерлерин чыгарып кетиши керек. Алар сүйлөшүү болгон күндө да Израил түрмөлөрүнөн бардык палестиналыктарды бошотушу керек деп эсептей турганын айтышкан.

Израил бийлиги мындай талап аткарылгыс экенин, ХАМАС согушту токтоткусу келсе 7-октябрдагы кол салууну уюштурган лидерлерин өткөрүп бериши керектигин билдирүүдө. Израил ХАМАСтын 7-октябрдагы кол салуусунан 1 200 киши набыт болгонун, 240 чакты киши барымтага алынганын, Газа тилкесинде жер операциясы башталгандан бери 100дөн ашуун аскери окко учканын маалымдаган. Жөөт армиясынын аскердик операциясынан бери, Газадагы Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, дээрлик 19 миңдей адамдын, негизинен аялдардын жана балдардын өмүрү кыйылды. Ноябрдын соңундагы келишимге ылайык, ХАМАС барымтадан 105 кишини, анын арасында чет элдик жарандарды, ал эми Израил түрмөлөрүнөн 210 палестиналыкты бошоткон.

 

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.