DOLON MEDIA

Чарба

Нарында да базарлардын ижара акысы арзандай баштады

Нарын шаарындагы курулуш- материалын саткан “Осей Ата” базарынын ээси Таалайбек Жээнчороев  базардагы контейнерлердин баасын 20-30% арзандатып жатканын билдирди. Мындай билдирүүнү шаарындагы 2 Нарын, Мегакомфорт базарларынын ээлери да ижара акысы арзандатуу боюнча өлкө жетекчилеринин чакырыктарын туура кабыл алып, колдоп жатышкандыктарын билдиришти. Мындан бир аз кубакыт мурда Нарын облусундагы Кочкор районунун базарларынын ээлери да ижара акысын 20% …

Нарында да базарлардын ижара акысы арзандай баштады Толугу менен »

Мамкурулуш;”Сатып албай тургула”

Архитектура курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги 12-декабрда атайын тизме жарыялады. Ал тизмеде башкармалык тарабынан сот органдарына өткөрүлүп берилген курулуш компаниялардын жана жеке курулушчулардын тизмеси, аты жөндөрүн жарыяланды. “Мамлекеттик курулуш агенттиги кыргыз жарандарын соттук териштирүү иштери аяктаганга жана соттун чечими чыкканга чейин тизмедеги объектилерден турак жай сатып албоону сунуштайт”,-деп билдиришти агенттиктен. Аталган тизмеде 38 …

Мамкурулуш;”Сатып албай тургула” Толугу менен »

Нарын облусунда ирригация жаатында чон долбоорлор ишке ашууда

Нарын облусунун ирригация тармагына быйыл 128 млн. 100 мин сом белунуп, суу чарба обьектилери жакшыртылды. (Салыштырып айтсак, 2021-жылы 19 млн, 2022-жылы 104 миллион сом белунген) Ошондой эле ашар жолу менен курулуучу суу чарба оъектеринин курулушуна мамлекет тарабынан 83,8 млн сом каралып, курулуш иштери журууде. Учурда Ат-Башы районундагы Шамбет каналын куруу аяктоо алдында турат. Нарын районундагы …

Нарын облусунда ирригация жаатында чон долбоорлор ишке ашууда Толугу менен »

Кыргызстан үч көмүр кенин кытай компаниялары менен чогуу иштетет

25-октябрда Кытайдын премьер-министри Ли Цяндын Бишкектеги расмий сапарынын алкагында 12 документке кол коюлду. Алардын арасында кытай компаниялары менен Кыргызстанда үч көмүр кенин бирге иштетүү, шамал жана күн энергиясын өндүргөн ишканаларды чогуу куруу жана кыргыз-кытай чек арасына чукул жерде логистикалык көмүр борборун түзүү тууралуу макулдашуулар бар. Кыргызстандын Министрлер кабинети жана Кытайдын өкмөтүнүн ортосундагы 2023-2027-жылдарга чек аралык …

Кыргызстан үч көмүр кенин кытай компаниялары менен чогуу иштетет Толугу менен »

Нарында соодагерлер ККМ га каршы

Нарындык соодагерлер ККМ га каршылыктарын билдирүү үчүн 24-октябрда облустук аянтка чогулушту. Аларга Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуев жана облустук салыктын жетекчиси Нурлан Абакиров жолугушту. Нааразычылыкка чыккан 100 гө чукул соодагерлер электрондук эсеа фактура киргизүүгө, ККМ аппараттарын алууга жана текшерүүлөргө терс пикирлерин билдиришип, патент системасын калтырууну сунушташты. “Патент системасын, азыркы системасын калтырсын. Бизге ошол эле ыңгайлуу …

Нарында соодагерлер ККМ га каршы Толугу менен »

Кара алтын баасы канчадан?

Нарын облусу боюнча быйыл күз-кыш мезгилине жалпы 127 миң 911 тонна көмүр отуну керектелет. Анын ичинен 92 миң 400 тоннасы элдин муктаждыгы болсо, 32 миң 511 тонна бюджеттик мекемелердин керектөөсү. Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн  Экономика жана регилонду өнүктүрүү бөлүмүнүн бөлүм башчысы Элмира Турганбаева бүгүнкү күнгө карата бюджеттик мекемелер 89 пайыз көмүр менен камсыздалганын …

Кара алтын баасы канчадан? Толугу менен »

Азык-түлүк жарманкеси өтөт

Ушул жылдын 21-22-октябрь күңдөрү Нарын шаарынын Т.Усубалиев атындагы борбордук аянтта азык-түлүк жарманкеси өтөт. Айыл чарба продукцияларын дүң баада сатуу менен  калкты арзан азык-түлүк менен камсыздоо максатында  Нарын шаардык Кеңеши жана Нарын шаардык мэриясы биргелешип уюштурууда. Шаардык кеңештен билдиришкендей, жарманкеге калаага жакын жайгашкан райондорунун дыйкан-фермерлери өздөрү өндүргөн  картошка, сабиз, пияз сыяктуу айыл-чарба азыктарын алып чыгышат.  Мындан …

Азык-түлүк жарманкеси өтөт Толугу менен »

Жумгал : Кең-Суу айылына электр жарыгы тартылууда

Жумгал районунун Кең-Суу айылына электр энергиясы киргизилип жатат. Бул үчүн 1 миллион 400 миң сомго 90 даана электр мамычасы  сатып алынып,  жерине жеткирилип берилген. Мындан сырткары Нарын облусунун “Теңир Тоо” өнүктүрүү фондунан 6 миллион сом бөлүнүп,  учурда керектүү жабдууларын сатып алуу  иштери жүрүп жатат. Тагыраак айтканда, Казакстандан 16,5 метрлик 9 электр мамычасы алынып келинет. Ал …

Жумгал : Кең-Суу айылына электр жарыгы тартылууда Толугу менен »

Ак-Талаа: Жааган кардын кесепетинен 5 үй-бүлөгө барчу жол убактылуу жабык

Ак-Талаа районундагы Орто -Сырт жайлоосунда  малчылар каттаган Мелис ашуусу жабылып беш малчы 2000 ге чукул майда жандык, 600 гө чукул бодо малы менен калып калган. Мындай маалыматты өлкөбүздүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. Малчыларга барчу Мелис ашуусунда кар калың болуп, райондук куткаруучулар артка кайтууга мажбур болушкан. Учурда адамдардын тамак ашы жетиштүү,  малга тоют жагынан жардам сурашкан. …

Ак-Талаа: Жааган кардын кесепетинен 5 үй-бүлөгө барчу жол убактылуу жабык Толугу менен »