DOLON MEDIA

Азык-түлүк жарманкеси өтөт

Ушул жылдын 21-22-октябрь күңдөрү Нарын шаарынын Т.Усубалиев атындагы борбордук аянтта азык-түлүк жарманкеси өтөт. Айыл чарба продукцияларын дүң баада сатуу менен  калкты арзан азык-түлүк менен камсыздоо максатында  Нарын шаардык Кеңеши жана Нарын шаардык мэриясы биргелешип уюштурууда.

Шаардык кеңештен билдиришкендей, жарманкеге калаага жакын жайгашкан райондорунун дыйкан-фермерлери өздөрү өндүргөн  картошка, сабиз, пияз сыяктуу айыл-чарба азыктарын алып чыгышат.  Мындан тышкары, дүңүнөн соода-сатык жүргүзгөн жеке ишкерлер тарабынан күнүмдүк керектелүүчү ун, май, кумшекер жарманкеге коюлуп,  шаар тургундарына арзандатылган баада азык-түлүктөрдү сатып алуу мүмкүнчүлүгү түзүлөт. Андыктан, шаар бийлиги калкты ортомчусуз ыңгайлуу баада азык-түлүк продукцияларын сатып алууга  чакырууда.

Жарманке 21-22-октябрь күндөрү Т.Усубалиев атындагы борбордук аянтта таңкы саат 10.00 дөн кечки саат 18.00го чейин болот.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.