DOLON MEDIA

Мамкурулуш;”Сатып албай тургула”

Архитектура курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги 12-декабрда атайын тизме жарыялады. Ал тизмеде башкармалык тарабынан сот органдарына өткөрүлүп берилген курулуш компаниялардын жана жеке курулушчулардын тизмеси, аты жөндөрүн жарыяланды. “Мамлекеттик курулуш агенттиги кыргыз жарандарын соттук териштирүү иштери аяктаганга жана соттун чечими чыкканга чейин тизмедеги объектилерден турак жай сатып албоону сунуштайт”,-деп билдиришти агенттиктен. Аталган тизмеде 38 курулуш компаниясы жана жеке адамдар бар. Андыктан Бишкек шаарынан турак жай сатып алууда этият болууга чакырабыз.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.