DOLON MEDIA

Нарында соодагерлер ККМ га каршы

Нарындык соодагерлер ККМ га каршылыктарын билдирүү үчүн 24-октябрда облустук аянтка чогулушту. Аларга Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуев жана облустук салыктын жетекчиси Нурлан Абакиров жолугушту. Нааразычылыкка чыккан 100 гө чукул соодагерлер электрондук эсеа фактура киргизүүгө, ККМ аппараттарын алууга жана текшерүүлөргө терс пикирлерин билдиришип, патент системасын калтырууну сунушташты. “Патент системасын, азыркы системасын калтырсын. Бизге ошол эле ыңгайлуу болчу,” – деди акцияга чыккандардын бири Умбеталы Базаркулов.

Президенттин Нарын облусундагы өкүлү Алтынбек Эргешов нааразылыкка чыккандар менен жолугуп, алардын талаптарын укканын өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди. Соодагерлер Министрлер кабинетине кайрылуу жолдогону белгилүү болду.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.