DOLON MEDIA

Жумгал : Кең-Суу айылына электр жарыгы тартылууда

Жумгал районунун Кең-Суу айылына электр энергиясы киргизилип жатат. Бул үчүн 1 миллион 400 миң сомго 90 даана электр мамычасы  сатып алынып,  жерине жеткирилип берилген. Мындан сырткары Нарын облусунун “Теңир Тоо” өнүктүрүү фондунан 6 миллион сом бөлүнүп,  учурда керектүү жабдууларын сатып алуу  иштери жүрүп жатат. Тагыраак айтканда, Казакстандан 16,5 метрлик 9 электр мамычасы алынып келинет. Ал эми Бишкек шаарынан 11 метрлик 154 даана электр мамычалары жана 5 тоннадан ашык электр чубалгылары сатып алынууда.

Айтып кетчү нерсе, 21 түтүн эли бар аталган чакан айылда буга чейин электр жарыгы болгон эмес.

Бул маселе бир нече жолу Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурбек Сыдыгалиев тарабынан коюлуп, Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаровдун көзөмөлүнө алынган.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.