DOLON MEDIA

Кара алтын баасы канчадан?

Нарын облусу боюнча быйыл күз-кыш мезгилине жалпы 127 миң 911 тонна көмүр отуну керектелет. Анын ичинен 92 миң 400 тоннасы элдин муктаждыгы болсо, 32 миң 511 тонна бюджеттик мекемелердин керектөөсү. Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн  Экономика жана регилонду өнүктүрүү бөлүмүнүн бөлүм башчысы Элмира Турганбаева бүгүнкү күнгө карата бюджеттик мекемелер 89 пайыз көмүр менен камсыздалганын билдирип, ушул жума менен толук муктаждык жабылаарын кошумчалады. Ал эми калктын керектөөсү 9 пайызга орундалды.

Анын айтуусунда, 68 көмүр кампада учурда сатыкта 8 миң тоннадан ашык көмүр турат. Бирок,  элдер көнүп алгандай кар түшөйүнчө көмүр алышпайт. Маселен, быйыл  Жумгалда  көмүрдүн бир тоннасы 2200-4000, Ак-Талаада  4000-4500,  Ат-Башыда  4500-5000, Кочкор өрөөнүндө  4000-4500,  Нарын шаары менен Нарын районунда  5000-5500 сомго чейин сатылып жатат.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.