DOLON MEDIA

Нарында да базарлардын ижара акысы арзандай баштады

Нарын шаарындагы курулуш- материалын саткан “Осей Ата” базарынын ээси Таалайбек Жээнчороев  базардагы контейнерлердин баасын 20-30% арзандатып жатканын билдирди. Мындай билдирүүнү шаарындагы 2 Нарын, Мегакомфорт базарларынын ээлери да ижара акысы арзандатуу боюнча өлкө жетекчилеринин чакырыктарын туура кабыл алып, колдоп жатышкандыктарын билдиришти. Мындан бир аз кубакыт мурда Нарын облусундагы Кочкор районунун базарларынын ээлери да ижара акысын 20% дан 50% га чейин арзандатып жатышкандыктарын билдиришкен. Ал эми карапайым жашоочулар болсо базарда ижара акысы арзандаса, товарлар да арзандайт деп үмүт кылышууда.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.