DOLON MEDIA

Ак-Талаа: Жааган кардын кесепетинен 5 үй-бүлөгө барчу жол убактылуу жабык


Ак-Талаа районундагы Орто -Сырт жайлоосунда  малчылар каттаган Мелис ашуусу жабылып беш малчы 2000 ге чукул майда жандык, 600 гө чукул бодо малы менен калып калган. Мындай маалыматты өлкөбүздүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Малчыларга барчу Мелис ашуусунда кар калың болуп, райондук куткаруучулар артка кайтууга мажбур болушкан. Учурда адамдардын тамак ашы жетиштүү,  малга тоют жагынан жардам сурашкан. Куткаруучулар Мелис ашуусун тазалаганга  аракет кылышууда.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.