DOLON MEDIA

Кылмыш

Москвада кыргызстандык айдоочуга козголгон иш токтотулду

Москвада Украинадагы согуштун катышуучуларын түшүрүп салган кыргызстандык айдоочуга карата козголгон иш кылмыш курамынын жоктугуна байланыштуу токтотулду. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги маалымдады. Мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, бул ишке байланыштуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги тарабынан кылмыш иши козголгон жаранга толук консулдук-укуктук жардам көрсөтүлгөн. Мындан тышкары элчилик Орусиянын Тышкы иштер министрлигине расмий нота жиберип, кыргызстандык жаранга …

Москвада кыргызстандык айдоочуга козголгон иш токтотулду Толугу менен »

Жетигендин сотунда анын соцтармактарга чыгарган эки видеосу көрүлдү

5-июнда Бишкектин Свердлов райондук сотунда Бишкектеги №1 тергөө абагында жаткан акын жана активист Аскат Жетигендин иши каралып, анын социалдык тармактардагы баракчаларына жарыялаган эки видеосу көрүлдү. Бул тууралуу акындын адвокаты Самат Матцаков билдирип, алардын бири 2020-жылы, экинчиси 2024-жылы жарыяланган видеолор экенин айтты. Бул жолку отурумга ал видеодо айтылгандарга корутунду берген эксперттер келбей калгандыктан кийинки соттук жараян …

Жетигендин сотунда анын соцтармактарга чыгарган эки видеосу көрүлдү Толугу менен »

Орусияда кыргызстандык таксистке кылмыш иши козголду

Москвада таксист Украинага каршы согушкан үч кишини автоунаасынан түшүрүп салууга айыпталууда. Орусиянын Тергөө комитети кастыкты козутуу, жана  ар-намысты басмырлоо беренелери боюнча кылмыш ишин козгоду. Таксисттин аты-жөнү Айыпбек Латипов, ал кыргызстандык. Анын айдоочулук күбөлүгүн кремлчил Regnum агенттиги жарыялады. Ал мас абалындагы жүргүнчүлөр ага орой мамиле жасап, 100 чакырым жол үчүн карта эмес накталай төлөм жүргүзө турган …

Орусияда кыргызстандык таксистке кылмыш иши козголду Толугу менен »

Кемпир-Абад иши боюнча айыпталгандар суракка алына баштады

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып камакта жаткан саясатчы жана активтисттер суракка алына баштады. Бул тууралуу ушул иш боюнча Бишкектеги №1 тергөө абагында отурган оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбековдун абактан жазган каты Фейсбуктагы баракчасына жарыяланды. Катта ишти карап жаткан судья Марат Сыдыков прокурорлорго айыптоо актыларын толук окутпай туруп эле шектүүлөрдү суракка алып баштаганы, …

Кемпир-Абад иши боюнча айыпталгандар суракка алына баштады Толугу менен »

Бишкектеги окуялар: тогуз кылмыш иши козголуп, 10 адамга айып тагылды

Бишкек шаарынын ички иштер органдары 13-майдын түнүндө Атай Огонбаев көчөсүндө жайгашкан жатакананын алдында болгон окуядан соң, милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын кызматкерлери жана ыкчам-тергөө тобу жөнөтүлгөнүн кабарлады.Расмий маалыматта 18-майга караган түнү болгон окуялардын бардык фактылары жана жагдайлары кылдат каралып, иликтенери, мыйзамсыз иштерге тиешеси бар адамдар жоопко тартылары айтылат. “18-майда Бишкек шаарында жана Чүй облусунун жакын райондорунда …

Бишкектеги окуялар: тогуз кылмыш иши козголуп, 10 адамга айып тагылды Толугу менен »

Арстан Алайдын абактагы өлүмү боюнча иш козголду

Башкы прокуратура Арстанбек Абдылдаевдин (Арстан Алай) абактагы өлүмү боюнча Чүйдүн Молдовановка айылындагы №31 түзөтүү мекемесинин кызматкерлерине кылмыш ишин козгоду. Аларга “Абдылдаев өз өмүрүнө кол салууга аракет жасап жатканда көңүл бурулбай, анын коопсуздугун камсыз кылууга ыкчам чаралар көрүлгөн эмес” деген айып коюлду. 5-январда Абдылдаевдин сөөгү абактын ашканасында асынып турганда табылган. Маркумдун жакындары анын өлүмүнүн тыкыр иликтенишин …

Арстан Алайдын абактагы өлүмү боюнча иш козголду Толугу менен »

Нарында атасын өлтүрүүгө шектелип баласы кармалды

Нарында атасын өлтүрүүгө шектелип баласы кармалды. Бул тууралуу шаардык ички иштер башкармалыгы билдирди. Маалыматка караганда, 6-январь күнү үйдүн короосундагы дааратканадан 53 жаштагы адамдын жансыз денеси табылган. Ал 11-ноябрдан бери дайынсыз болуп, милиция тарабынан изделип жаткан. Кылмышка маркумдун 26 жаштагы уулу шектелүүдө. Ал сурак учурунда арак ичкен атасы менен чырдашып, аны түртүп жибергенде чалкасынан жыгылып, эс-учун …

Нарында атасын өлтүрүүгө шектелип баласы кармалды Толугу менен »

Нарын ШИИБдин кызматкерлери кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шектелип кармалды

Нарын шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкери “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга” шектелип кармалды. Бул тууралуу 16-мартта УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. Атайын кызматтын маалыматына ылайык, үстүбүздөгү жылдын 14-мартында УКМКнын Нарын облусу боюнча башкармалыгына З.К. аттуу жаран белгисиз адамдарга карата чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган. Анда Нарын шаарындагы оюн-зоок мекемелеринин биринде аны белгисиз адамдар эч себепсиз …

Нарын ШИИБдин кызматкерлери кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шектелип кармалды Толугу менен »