DOLON MEDIA

сот

Бишимбаевдин өкүмү өзгөрүүсүз калтырылды

Казакстанда жубайынын өлүмүнө айыпталган мурдагы министр Куандык Бишимбаевдин жана аны менен чогуу соттолгон жакын тууганы Бакытжан Байжановдун апелляциялык арызы канааттандыруусуз калтырылды. “Азаттыктын” казак кызматы жазгандай, 26-июнда Астана шаарынын кылмыш иштери боюнча сотунун апелляциялык коллегиясы алардын даттануусун карап, биринчи соттук инстанциянын өкүмүн өзгөрүүсүз калтырды. Бишимбаевди быйыл 13-майда Астананын райондор аралык кылмыш соту жарандык жубайы Салтанат Нукенованы …

Бишимбаевдин өкүмү өзгөрүүсүз калтырылды Толугу менен »

Сот Алга Кылычевди 10 жылга абакка кесип, камакка алынды

21-июнда Чүйдүн Аламүдүн райондук соту КСДП партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү, Кой-Таш окуясы боюнча кылмышка шек саналып жаткан Алга Кылычевди 10 жылга абакка кесип, сот залынан камакка алды. Алга Кылычев “Азаттыкка” комментарий берип, беш жыл мурун болгон окуя боюнча кесилип жатканын саясий куугунтук деп эсептей турганын айтты. “Мени Кой-Таш окуясы боюнча күнөөлүү деп таап, Шанкаев деген …

Сот Алга Кылычевди 10 жылга абакка кесип, камакка алынды Толугу менен »

Лингвист Аскат Жетигендин сөзүндө чакырыктар жоктугун айтты

19-июнда Бишкектин Свердлов райондук сотунда акын жана активист Аскат Жетигендин иши боюнча кезектеги соттук отурум болду. Анда айыпталуучу тараптын өтүнүчү менен келген лингвист көрсөтмө берип, активисттин социалдык тармакка жарыялаган видеосундагы сөздөрүндө массалык башаламандыкка жана бийликти басып алууга чакырыктарды көрбөгөнүн айтты. Адвокат Самат Матцаковдун “Азаттыкка” маалымдаганы боюнча, бүгүнкү жараянда тергөөчүнүн токтому менен чакырылган лингвист да көрсөтмө …

Лингвист Аскат Жетигендин сөзүндө чакырыктар жоктугун айтты Толугу менен »

Жетигендин сотунда анын соцтармактарга чыгарган эки видеосу көрүлдү

5-июнда Бишкектин Свердлов райондук сотунда Бишкектеги №1 тергөө абагында жаткан акын жана активист Аскат Жетигендин иши каралып, анын социалдык тармактардагы баракчаларына жарыялаган эки видеосу көрүлдү. Бул тууралуу акындын адвокаты Самат Матцаков билдирип, алардын бири 2020-жылы, экинчиси 2024-жылы жарыяланган видеолор экенин айтты. Бул жолку отурумга ал видеодо айтылгандарга корутунду берген эксперттер келбей калгандыктан кийинки соттук жараян …

Жетигендин сотунда анын соцтармактарга чыгарган эки видеосу көрүлдү Толугу менен »

Ырчы жана активист Аскат Жетигендин соту башталды

“Массалык башаламандыктар” жана “бийликти басып алууга чакырык жасоо” беренелери боюнча шек саналып кармалган акын жана активист Аскат Жетигендин ишин кароо Свердлов райондук сотунда 22-майда башталды. Бул тууралуу анын жактоочусу Самат Матцаков  билдирди. Анын айтымында, бүгүнкү отурумда Аскат Жетигенге айыптоо актысы окулуп, ишти кароонун тартиби бекитилди. Кийинки сот жараяны 23-майга белгиленди. Акын 20-мартта кармалып, Бишкектин Биринчи …

Ырчы жана активист Аскат Жетигендин соту башталды Толугу менен »

Сот активист Жоробековдун ишин кайра тергөөгө жөнөтүү чечимин чыгарды

Камактагы активист Афтандил Жоробековдун ишин кайра тергөөгө жөнөтүү тууралуу мамлекеттик айыптоочу киргизген сунушту сот канааттандырды. Мындай чечимди 21-майда Бишкектин Ленин райондук соту кабыл алганын Жоробековдун жубайы жана адвокаты “Азаттыкка” билдиришти. Жактоочулар соттун бул чечимине апелляциялык арыз берүү жагын талкуулап жатышат. Мамлекеттик айыптоочу тарап Жоробековдун ишине байланыштуу айрым маалыматтарды кайра тергөөдө тактоо зарылдыгын жүйө келтирген. 40 …

Сот активист Жоробековдун ишин кайра тергөөгө жөнөтүү чечимин чыгарды Толугу менен »

АКШ Эл аралык кылмыш сотунун Нетаньяху менен Галантты камакка алууга ордер берүү чечимин сындады

АКШ президенти Жо Байден Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен коргоо министри Йоав Галантты камакка алуу боюнча Гаагадагы Эл аралык кылмыш сотунун чечимин сындады. Бул тууралуу Байдендин Ак үйдүн сайтына жарыяланган билдирүүсүндө айтылат. 20-майда Гаагадагы Эл аралык кылмыш соту Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхуну, коргоо министри Йоав Галантты, ошондой эле ХАМАС тобунун (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук …

АКШ Эл аралык кылмыш сотунун Нетаньяху менен Галантты камакка алууга ордер берүү чечимин сындады Толугу менен »

Түбү кочкорлук үч жашар кыздын өлүмү боюнча соттук отурумда чыр чыкты

Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунда тиш дарылоо учурунда каза тапкан үч жашар кыздын өлүмү боюнча 24-апрелде башталган баштапкы соттук угуу маалында чыр-чатак чыкты. Бул тууралуу 25-апрелде аталган соттун басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматта айтылгандай, жабырлануучунун мыйзамдуу өкүлдөрү жана тарапташтары чыр-чатак чыгарып, соттун эмеректеринин талкалашып, айыпталуучулар менен жактоочулар жаракат алышкан. Бул факт боюнча Октябрь райондук соту, …

Түбү кочкорлук үч жашар кыздын өлүмү боюнча соттук отурумда чыр чыкты Толугу менен »

Кемпир-Абад иши: шаардык сот абактагыларды камакта калтырды

28-декабрда Бишкек шаардык соту Кемпир-Абад иши боюнча шек саналып жаткандарды камакта калтырды. 29-ноябрда Бишкектин Биринчи Май райондук соту борбордогу №1 тергөө абагында жаткан айыпталуучулардын камактагы мөөнөтүн кийинки жылдын 29-январына чейин узарткан. Алардын адвокаттары бул чечимге каршы апелляциялык арыз менен шаардык сотко кайрылган. Арыз канааттандырылган жок. 28-декабрда шаардык соттун алдында абакта жаткан шектүүлөрдүн жакындары сот отурумунун …

Кемпир-Абад иши: шаардык сот абактагыларды камакта калтырды Толугу менен »

Сот Назарбаевдин инисин абактан шарттуу түрдө бошотуудан баш тартты

Чыгыш Казакстан облусунун соту Нурсултан Назарбаевдин иниси Кайрат Сатыбалдыны шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотуудан баш тартты. Сотто Кайрат Сатыбалдынын абактан шарттуу түрдө бошотуу боюнча доо арызы каралды. BES.media Телеграм каналынын маалыматына ылайык, судья соттолгон адам буга чейин эреже бузганын жана туруксуз жүрүм-туруму бар экенин айткан. Ошондуктан сот эркинен ажыратуу жазасын эркиндигин чектөө менен алмаштыруудан баш …

Сот Назарбаевдин инисин абактан шарттуу түрдө бошотуудан баш тартты Толугу менен »