Быйыл 577 үй-бүлөгө социалдык жардам берилет
Үстүбүздөгү жылы Нарын облусу боюнча “үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулун алуучу 577 аз камсыз жаранга 100 миң сомдон берилет. Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, алар даярдап келген долбоорлрдун бардыгы жактырылган. Долбоор сунуштаган үй-бүлөлөр 26 багыт боюнча ишкерлигин баштоону көздөшүүдө. Алардын көпчүлүгү тигүү цехтерин ачууга, соода- сатык жасоого, сүт багытындагы уй алууга, майда жандыктарды алып сатууга, …









