DOLON MEDIA

Быйыл 577 үй-бүлөгө социалдык жардам берилет


Үстүбүздөгү жылы Нарын облусу боюнча “үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулун алуучу 577 аз камсыз жаранга  100 миң сомдон берилет. Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, алар даярдап келген долбоорлрдун бардыгы жактырылган. Долбоор сунуштаган үй-бүлөлөр 26 багыт боюнча ишкерлигин баштоону көздөшүүдө. Алардын  көпчүлүгү  тигүү цехтерин ачууга, соода- сатык жасоого, сүт багытындагы уй алууга, майда жандыктарды алып сатууга, мал өстүрүүгө басым жасашууда. Ошондой эле кондитердик цех, набайкана, күнөскана, чач тарач, мончо ачууга, эчки, малина өстүрүүгө, самын жасоого, жыгач усталыкка жана тоок, балык чарбасын уюштурууга кызыккандар бар.

Маалымат үчүн белгилесек, аталган долбоор  Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-июлундагы «Социалдык контрактын негизинде социалдык жардам берүү жөнүндө» №385 токтому менен бекитилген Жобого ылайык  ишке ашууда. Буга чейин буд долбоорго Жумгал району пилоттук катары тандалып алынып, ал жакшы натыйжасын көргөзгөн соң республика аймагана өткөн жылдан бери жайылтылган. Өткөн жылы облустан долбоор менен 250 үй-бүлөгө  25 миллион сомдук колдоо көрсөтүлүп, басымдуусу ийгиликтүү иш алып кетишкен. Бул долбоор ишин алып кете алгандарга жакшы мүмкүнчүлүк болууда.

Социалдык контракт  түзүп, иш баштагандарга алгачкы  үч айлык жөлөк пул төлөнүп берилет, андан соң үч жылга токтойт.  Бул үч жыл ичинде ишкердүүлүгүн андан ары улап кетиши керек. Долбоордун талаптары социалдык жардам алуучуларга түшүндүрүлүп, окуулардан өтүшкөн. Ай сайын мониторинг жүргүзүп, көзөмөлдө болуп турушат. Ошондой эле ишкердүүлүгүнүн кирешеси дагы каралып турат.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.