DOLON MEDIA

Ат-Башы: Акжарлыктар сууну кайдан алып ичишет?


5317 калк жашаган Ат-Башы районунун Ак-Жар айылында  таза суу  тартыла элек. Учурда элет эли өз аракети менен жер алдынан тартып алган сууну пайдаланышат.

“Ак-Жар айылында таза суу жок. Бирок тарифтери  иштелип чыккан. АРИСтин жардамы менен 1-2 жылдын ичинде таза  суу кирет деген план бар. Биз ага даярбыз.

Бизде 1,5-2 метрден эле суу чыгат. Ар ким өзү эле казып чыгарып алышкан. Ар бир үйдө суу бар,  бирок таза суу системасы тартылган эмес”,-деди  Ак-Жар  айыл өкмөтүнүн башчысы Кенжебек Качкынбаев.

Ал эми АРИС уюмунун Нарын облусундагы координатору Талант Рыспаев таза суу долбооруна  быйыл  облустан 28 айыл сунушталса, анын ичинен эки айылда Ат-Башы жана Ак-Жар айылдарында  жердин алдында ичүүчү таза суу жоктугу көйгө жаратып жатканын айтты. Мындан улам долбоорду утуп алган институт бир жылдык мөөнөттө изилдөө иштерин жүргүзүшөт. Буга байланыштуу бул айылдарда долбоор кечигип башталат.  Андан соң эки айылга ичүүчү таза суу системасы чогу курулат.

Ал эми 26 айылда таза суу курулуштары быйыл башталат.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.