DOLON MEDIA

Тыбыттын баасы түшүүдө


Нарында тыбыттын баасынын түшүп жатышы малчыларды кабатыр кылууда. Быйыл тыбыттын баасы 2800 сомдун тегерегинде башталган. Учурда 2500 сомдун айланасында болууда. “Баасы көтөрүлөбү” деп тыбыттарын өткөрбөй, арсар болуп турган айылдыктар, тиешелүү министрликтер алдын ала пландап, анализ жасап беришсе дешет.

Эске сала кетсек, ушул жылдын башында “Бишкек” ЭЭА дагы  “Кыргыз Кашемир” ишканасынын техникалык абалын  ЮСАИД дин 23 млн.долларлык колдоосу менен  жакшыртышкан. Анда ишкана чийки затты иштетип, аны Европага экспорттого мүмкүнчүлүк түзүлүп,  элеттеги малчылар тыбыттарын кымбат баада  өткөрө алышаарын айтышкан.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.