DOLON MEDIA

Айымдарга билим берүү багытында бизнес баштоого каражат бөлүндү


Үч облуста ишкер айымдарга билим берүү жаатында бизнес баштоо үчүн 2,8 млн сом бөлүндү.

Ош, Нарын жана Жалал-Абад облустарындагы 11 ишкер аял балдарды эрте өнүктүрүү борборлорун ачууда 2,8 млн сом гранттык каржылоо алышат. Бул акча бала бакчалар менен билим берүү борборлору үчүн эмеректерди жана окуу куралдарын алууга багытталат.

Бул демилгенин алкагында 62 ишкер бала-бакча жана жаш балдарды окутуу борборлорун ачууга лицензия алуу жана ал бизнес-мекемелерди башкаруу боюнча практикалык окуудан өтүштү. Үч айлык окуудан кийин катышуучулардын арасынан эң мыкты 11 бизнес-план гранттар менен сыйланды.

Бул стартап-бизнестерди АКШнын Эл аралык өнүгүү агенттиги (USAID) жана Ага Хан Фонду “Жергиликтүү өнүгүү” долбоорунун алкагында колдоого алып жатат.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.