DOLON MEDIA

Азия чемпионатында нарындык Калмира Билимбекова коло, ал эми Акылбек Талантбеков алтын медаль утту

Казакстанда өткөн Азия чемпионатында нарындык балбан кыз Калмира Билимбекова коло медаль, ал эми Акылбек Талантбеков алтын медаль утту.

Балбан Акылбек Талантбеков күрөштүн грек-рим түрү боюнча 82 килограмм  салмакта күч сынашып, алтын медаль тагынды. Ал эми күрөштүш ушул эле түрү боюнча кыздар арасында Калмира Билимбекова 59 килограмм салмакта беттешип, коло медаль утту.

Ал эми нарындык дагы бир балбан Айсулуу Тыныбекова бүгүн, 12-апрелде күч сынашып, финалга чыкты.

Мындан сырткары, эркин күрөш боюнча беттеш өтөт. Ага Улукбек Жолдошбеков жана Орозобек Токтомамбетов күч сынашат.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.