DOLON MEDIA

Жумгал районунда  тоо эчкисин аткан браконьерлер кармалды

Жумгал районунда  тоо эчкисин аткан браконьерлер кармалды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги маалымдады.

Мекемеден билдиришкендей, Жумгал районунун Кабак айылынын Дүңгүрөмө участогунан “Тойота Ленд Крузер” үлгүсүндөгү автоунаа токтотулган. Кароо жүргүзгөн учурда мыйзамсыз олжолонгон бир жапайы тоо эчки жана эки даана сайлуу ок атуучу куралдар табылган.

Мыйзам бузгандар Чүй облусунун К.И.Л. жана М.И.В. аттуу жашоочулары экени тастыкталды.

Кызматкерлер тарабынан жеринде акт түзүлүп, 100 миң сомдук доо коюлган. Чогултулган материалдар кошумча иликтөө үчүн Жумгал РИИБнө өткөрүлүп берилди.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.