DOLON MEDIA

Нарын: Бир нече алдамчылык фактысына шектүү жаран кармалды

Нарын облусунда бир нече адамды алдап кеткен шектүү кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына ылайык, үстүбүздөгү жылдын  7-мартында Ат-Башы районунун Баш-Кайыңды айылынын тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Анда, 2022-жылдын 8-ноябрында лалафо социалдык тармагына 50 баш тай 16 баш эркек кунандар сатылат деп жарыялап, 11-ноябрь күнү уюлдук номер аркылуу өзүн “Нурлан” деп тааныштырган адам чалып, тайларды 27000 сомдон, кунандарды 46000 сомдон, айгырды 90000 миң сомдон баалап,16-17-ноябрь күндөрү “Нурлан” аттуу адамдын малчысы “Нурбек” аттуу киши келип, жалпы 47 тай, 16 кунан, 1 айгырын жүктөп кеткен. Жалпы малдын баасы 2 950 000 сомду эки күндүн ичинде берем деп кеткен. Банк аркылуу 980 000 сомун которуп, калган 1 115 000 сомун ушул күнгө чейин ар кандай шылтоолорду айтып бербей, азыркы күнгө чейин изин жашырып жүргөн.

“Натыйжада арыз ээси Т.Кга 1 115 000 сомдук олуттуу өлчөмдө материалдык зыян келтирилген. Аталган факт Нарын ОИИБне “Алдамчылык” беренеси менен кылмыш иши козголгон. Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Чүй облусунун Сокулук районунун тургуну 1989-жылы туулган Д.Н. кармалып, тергөө бөлүмүнө жеткирилген”,- деп айтылат маалыматта.

Учурда шектүү Нарын шаарындагы №24 мекемесине камакка алынып, тергөө иштери уланууда.
Азыркы учурда тергөө иштери уланууда.

Жогорудагы жарандан жабыр тарткандар болсо Нарын ОИИБдин нөөмөт бөлүмүнө (03522) 5-09-21, 0(700) 490-019 номерине же күнү-түнү кызматтагы “102” кыска номуруна кайрылсаныздар болот.
Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.