DOLON MEDIA

Маданият министрлиги “Фейк” мыйзамы боюнча 20 арызды карады

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Кыргызстанда быйыл жалпыга маалымдоо каражаттары боюнча түшкөн 77 арыз боюнча түшүндүрмө берди.

Мекеменин билдирүүсүнө ылайык, “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзамдын негизинде министрликте 2023-жылы 20 кайрылуу каралган. Анын ичинен жети басылма арыз түшкөн маалыматты өз ыктыяры менен сайтынан алган. Маалыматтын толук эместигине байланыштуу төрт арыз каралган эмес жана тартипке ылайык толуктап иштеп чыгуу сунушу берилген. Бир арызды берген тарап чакыртып алган. Министрлик үч кайрылууну кароодон баш тарткан.

Министрликтин Facebook, Tik Tok, YouTube, Twitter, Telegram, Instagram менен кызматташуу боюнча келишими жок болгондуктан, эки кайрылуу боюнча жалган маалыматтарды өчүрүү мүмкүн эмес деген кат жөнөтүлгөн.

Үч кайрылуу боюнча kloop.kg жана nazarnews.kg сайттарынын ишин эки айга токтотуу жөнүндө чечим кабыл алынган. Министрлик nazarnews.kg боюнча чыккан чечимин кайра кайтарып алганы белгилүү болду.

“Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндөгү” мыйзам 2021-жылы кабыл алынган. Жарандык коом, бир катар эл аралык уюмдар бул документ эркин маалымат каражаттарына каршы гана иштеген мыйзам экенин, сөз эркиндигине коркунуч жаратарын билдирип келишет.

Мыйзам Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине жалган маалымат таратты деп табылган сайтты соттун чечимисиз эле эки айга жаап салууга укук берет.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.