DOLON MEDIA

Нарында Адабият күнү белгиленди

12-декабрь өлкөбүздө Адабият күнү катары белгилүү, бул күн Нарын облусунда да белгиленди. Аны менен катар залкар жазуучу Ч. Айтматов көзүү тирүү болгондо быйыл 95 жашка чыкмак. Буга улай Нарын облустук М. Рыскулов атындагы академиялык музыкалык драма театрында Жаш артисттердин аткаруусунда Айтматовдун каармандары менен “Мен жашагым келет” атуу иш чара өткөрүлдү. Жаш артисттер булар Нарын районундагы А. Табалдиев жана М. Иманалиев атындагы мектептин окуучулары роль жаратышты. Алар Айтматовдун каармандары менен учурдагы коомдо орун алып жаткан зордук зомбулукка каршылык билдиришти.

Эске сала кетсек Нарын районундагы мектептер арасында зордук зомбулукка каршы атайын конкурстар уюшулган. М. Рыскылов атындагы театр сахнасында сынактын жеңүүчү окуучулары роль жаратышты.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.