DOLON MEDIA

Ат-Башыда А. Жекшенбеков эскерилди

2022-жылы мамлекеттик чек аранын Баткен облусундагы аймагын коргоодо баатырларча курман болгон Апсамат Жекшенбековдун жаркын элесин түбөлүккө калтыруу үчүн ал өзү окуган, Терек-Суу айылындагы Анвар Чортеков атындагы мектептин аскерге чейинки даярдоо классына аты берилип жасалгаланды. Иш чарага район Э. Абдыкадыров баштаган айылдаштары катышты. Акимөз сөзүндө патриот жигитти тарбиялаган ата-энесине таазим этээрин билдирип, окуучуларды Апсаматтай болууга үндөдү. Классты жасалгалоону айыл өкмөт, мектеп жамааты колго алды.  Мектеп окуучулары Апсаматтын окуучу кезиндеги аскер болом деген кыялынан баштап, баатырларча курман болгондугун сценка аркылуу көрсөтүшү, айылдаштары көздөрүө жаш алышты. Эске чала кетсек мектепте жакшы окуган, аскердик кызматты жакшы көргөн Апсамат Жекшенбеков мектепте активдүү окуучу болгондуктан, Бишкектеги Калыйнур Үсөнбеков атындагы аскердик институтуна өз күчү менен өтүп лейтенант чининде окуу жайды бүтүргөн. “Бөрү” отрядында атайын кол салуу тобунун командири катары 2022-жылы 16-сентябрда 24 жашында баатырларча курман болгон.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.