DOLON MEDIA

Тууну өзгөртүү долбоору ЖК комитетине экинчи окууга киргизилди

Мамлекеттик туунун элементтерин өзгөртүү жөнүндөгү мыйзам долбоору парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетине экинчи окууга киргизилди. Документ комитеттин 19-декабрдагы жыйынында каралат. Президент Садыр Жапаров 16-декабрда экинчи Элдик курултайда тууга өзгөртүү киргизүү демилгеси ага таандык экенин билдирген. Мамлекет башчы залда отургандардан бул сунушту колдоп берүүнү суранып, делегаттардын айрымдары кол …

Тууну өзгөртүү долбоору ЖК комитетине экинчи окууга киргизилди Толугу менен »

Нарын шаарынын балатысы жанды, ага бюджеттен акча коротулган жок

15-декабрда Нарын шаарынын Т. Усубалиев атындагы борбордук аянтта Жаңы Жылдык балаты жанды. Ага шаар тургундары, бийлик өкүлдөрү катышты. Балатыны кооздоого, балаты үчүн шаардык бюджеттен бир да сом коротулган жок. Анткени бул балат быйыл бешинчи жолу тигилип жатат. Беш жыл мурда 1,5 млн сомго  шаардык бюджеттен сатылып алынган, ошондон бери элге кызмат кылып келе жат. Борбордук …

Нарын шаарынын балатысы жанды, ага бюджеттен акча коротулган жок Толугу менен »

Нарын облусунда атактуу мугалим А. Койчумановдун 100 жылдыгы белгиленди

Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ак-Моюн айылында жайгашкан атактуу мугалимдин атын алып жүргөн Апыш Койчуманов атындагы мектепте  Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, Социалисттик эмгектин Баатыры Апыш Койчуманов эскерилди. Мектеп мугалими Чолпон Апаеванын айтымында А. Койчуманов кезегинде 6 миңден ашык көрсөтмө куралды кол менен териден, кийизден жасап балдарга билим берип келсе, учурда кесиптештери ал көргөзмө куралдарды компьютердин …

Нарын облусунда атактуу мугалим А. Койчумановдун 100 жылдыгы белгиленди Толугу менен »

Арстан Алай табылды

Өзүн “жаңы Кудай” деп атаган, Нарын облусунун Ат-Башы районунда туулган Арстанбек Абдылдаев УКМК СИЗО сунан табылды. УКМК нын маалымат кызматы 15-декабрда билдиргендей ал КЖК нин 330 беренесинин 1- бөлүмү (диний кастыкты козуткан) менен козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган. Ал эми анын туугандары ушул жылдын 14-декабрында ал үйүнөн чыгып кеткен боюнча белгисиз экендигин билдиришип, жашаган дареги …

Арстан Алай табылды Толугу менен »

Курултайда тууну өзгөртүү боюнча маселе көтөрүлдү

15-декабрда Бишкекте өтүп жаткан Элдик курултайда тууну өзгөртүү тууралуу мыйзам долбооруна байланыштуу маселе көтөрүлдү. Баткен шаарынан келген делегат Жумабек Абдипатта уулу коомчулукта тууну өзгөртүү демилгеси боюнча кызуу талкуу уланып жатканын, президент Садыр Жапаров бул боюнча өз позициясын билдирүүсү керек экенин айтты. Мамлекет башчы желек боюнча пикирин билдирген жок. Ал эми курултайдын дагы бир делегаты Эльнура …

Курултайда тууну өзгөртүү боюнча маселе көтөрүлдү Толугу менен »

“Байсалов RFI радиосуна Кыргызстандагы бейөкмөт уюмдар жөнүндө мыйзамды комментарийледи”,- Азаттык

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Париж шаарында RFI – Франциянын эл аралык радиосуна (Radio France internationale) интервью берип, Кыргызстандагы адам укуктарынын сакталышы, экологиялык жагдай, коррупция менен күрөш жана жарандык эркиндиктердин чектелишине байланыштуу суроолорго жооп берди. Бул жөнүндө Азаттык радиосу жазды. Франциянын эл аралык радиосунун журналисти Кыргызстанда жарандык коомду кысмакка алган мыйзамдар кабыл алынып …

“Байсалов RFI радиосуна Кыргызстандагы бейөкмөт уюмдар жөнүндө мыйзамды комментарийледи”,- Азаттык Толугу менен »

Бишкекте экинчи Элдик курултай башталды, ага нарындык делегаттар да катышууда

15-декабрда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында экинчи Элдик курултай башталды. Бул жолу курултайга 700 делегат келди. Анын ичинен 640 киши Кыргызстандын аймактарынан, 30 адам этностук өкүлчүлүктөрдөн, 30 делегат чет өлкөдөгү эмгек мигранттарынан шайланышты. Курултайда 695 делегат катышып жатат.Нарын облусунан квота менен 8 делегат шайланган. Алардын ичинен 6 делегат жарыш сөзгө,1 делегат Улуттук  кеңешке, 1 …

Бишкекте экинчи Элдик курултай башталды, ага нарындык делегаттар да катышууда Толугу менен »

Салык кызматы: базарда ижара арзандаганы келерки айда байкалат

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов 14-декабрда маалымат жыйында базарларда контейнерлердин ижара акысын арзандатуу боюнча да иштер жүрүп жатканын билдирди. Анын айтымында, ижаранын арзандаганы келерки айда байкалат. Абдувапов быйыл 11 айда Кыргызстанда 225 млрд 744 млн сом салык жана камсыздандыруу төлөмдөрү чогулганын, бул пландан 3,9 млрд сомго көп экенин маалымдады. Салыктын көп чогулганына салыктык башкаруунун …

Салык кызматы: базарда ижара арзандаганы келерки айда байкалат Толугу менен »

Кыргыз-тажик топографиялык топтору чек арада дагы 47,05 чакырымды макулдашты

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстандын жана Тажикстандын Өкмөттүк делегацияларынын укуктук маселелери боюнча жумушчу топтору менен топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу 8-декабрдан 14-декабрга чейин Баткен шаарында өттү. Бул тууралуу Кыргызстандын Министрлер кабинети кабарлады. Жолугушууларда топографиялык жумушчу топтор кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын дагы 47,05 чакырымын макулдашты. Калган тилкелерди аныктоо үчүн кийинки жолугушуу Тажикстандын …

Кыргыз-тажик топографиялык топтору чек арада дагы 47,05 чакырымды макулдашты Толугу менен »