Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Париж шаарында RFI – Франциянын эл аралык радиосуна (Radio France internationale) интервью берип, Кыргызстандагы адам укуктарынын сакталышы, экологиялык жагдай, коррупция менен күрөш жана жарандык эркиндиктердин чектелишине байланыштуу суроолорго жооп берди. Бул жөнүндө Азаттык радиосу жазды. Франциянын эл аралык радиосунун журналисти Кыргызстанда жарандык коомду кысмакка алган мыйзамдар кабыл алынып жатканын белгилеп, анын ичинде өкмөттүк эмес уюмдар жана жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндөгү соңку долбоорлорду мисал келтирди. Байсалов ага жооп берип жатып, мындай мыйзамдардан кооптонууга негиз жоктугун айтты:
“Президенттин администрациясы мындай мыйзам долбоорлору тууралуу сиздер сыяктуу эле жаңылыктардан угабыз. Бул мыйзам долбоорлорун биздин парламенттин айрым депутаттары алып чыгууда. Бирок муну менен алар мыйзамдарды демилге кылуу укугу пайдаланып жатышат. Парламентте дебаттар боло берет, бирок буга мамлекет башчысынын, өкмөттүн эч кандай тиешеси жок. Мен көп жылдык тажрыйбасы бар укук коргоочу катары, жарандык коомдун активисти катары мындай мыйзамдарга катардагыдай эле мамиле кылам. Анткени иш жүзүндө мындай мыйзамдардын көбү аткарылбайт. Азыркы заманда мындай көзөмөлдү киргизүү дээрлик мүмкүн эмес. Эркиндикти сүйүү, сөз эркиндиги, оюн эркин айтуу биздин көп улуттуу элибиздин ДНКсына чейин жазылып калган жана биз муну эчен ирет далилдегенбиз. Эркиндикти чектеген кандай гана аракет болбосун коом аны катуу каршылык менен кабыл алат. Ошондуктан депутаттар кандайдыр жол менен парламенттик көпчүлүктү ынандырып алып өтүп кетип, президентти жарга такап, ал кол койгон күндө да, мындай демилгелер адатта ишке ашпаган абалда калып калат”, – деди Эдил Байсалов.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Францияга Адам укуктарынын жалпы декларациясынын кабыл алынгандыгынын 75-жылдыгына байланыштуу иш-чараларга катышуу үчүн барган. Ал ошондой эле Парижде Экономикалык Кызматташтык жана Өнүктүрүү Уюму (ЭКӨУ) өткөргөн “Евразия жумалыгы” конференциясына да катышты. Кыргызстанда сырттан каражат алган өкмөттүк эмес уюмдарды жана жарандарды “чет элдик тыңчы” деп атоого багытталган мыйзам 2013-2014-жылдары сунушталып, каралбай келген. Андан бери парламентте ушуга үндөш бир-эки мыйзам кабыл алынган. Мыйзамдын мурдагы автору, депутат Надира Нарматова анын атын “чет элдик өкүл” деп өзгөртүп, 2022-жылы кайра алып чыккан. “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзам долбоору жана Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүүгө багытталган мыйзам долбоору 25-октябрда Жогорку Кеңеште биринчи окууда кабыл алынган. Надира Нарматова бул документ өкмөттүк эмес уюмдардын ишине тоскоол болбойт деп ишендирип келет. 120 уюм парламенттин комитетинин төрагасы Сүйүнбек Өмүрзаковго кайрылуу жолдоп, бул мыйзам кабыл алынса, жарандардын эркиндиги менен укуктарына гана эмес, социалдык тармакка жана экономикага залакасы тиерин белгилешкен. Кыргызстандын медиа коомчулугун тынчсыздандырып жаткан башка бир – “ЖМК жөнүндө” мыйзамды былтыр ноябрда президенттин администрациясы сунуштап, коомдук талкууга чыгарган. Анын негиздемесинде 1992-жылы кабыл алынган мыйзам заман талабына жооп бербей калганы жазылган.
Документ коомдук талкууга чыгарылгандан кийин өлкөдөгү медиа уюмдар, журналисттер жана бир катар юристтер камтамачылыгын билдирип чыккан. “Адилет” укуктук клиникасы мыйзам долбооруна көз карандысыз экспертиза жасап, анда “адамдын өз оюн эркин билдирүү укугуна кепилдиктерди четке каккан олуттуу тобокелдиктер бар” деген бүтүм чыгарган.
Бир жыл ичинде ал бир канча жолу өзгөртүлгөнүнө карабай, дагы деле бул мыйзамдын дарегине айтылган сындар басаңдай элек.