DOLON MEDIA

Кыргыз-тажик топографиялык топтору чек арада дагы 47,05 чакырымды макулдашты

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстандын жана Тажикстандын Өкмөттүк делегацияларынын укуктук маселелери боюнча жумушчу топтору менен топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу 8-декабрдан 14-декабрга чейин Баткен шаарында өттү. Бул тууралуу Кыргызстандын Министрлер кабинети кабарлады. Жолугушууларда топографиялык жумушчу топтор кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын дагы 47,05 чакырымын макулдашты. Калган тилкелерди аныктоо үчүн кийинки жолугушуу Тажикстандын аймагында өтөт. Соңку жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду. Кыргыз өкмөтү сүйлөшүүлөр өз ара түшүнүшүү жана достук маанайда өткөнүн билдирди. Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын жалпы узундугу 972 чакырымды түзөт. 2002-жылдан 2020-жылдарга чейин чек аранын 519 чакырымы такталса, 2022-жылы эки өлкөнүн президенттери жолукканда жалпысынан 664 чакырым тилке боюнча орток пикир бар экенин ырасташкан. Кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын топографиялык жумушчу топтору ошондон бери жумуштарын активдүү фазада улантып, тынымсыз жолугуп жатышат. Алардын соңку – 29-ноябрдан 5-декабрга чейин Тажикстандын Бустон шаарында өткөн жолугушуусунда чек аранын дагы 24 чакырымы такталганы айтылган.

Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын тең төрагалары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов 12-декабрда Баткен шаарында жолугушуп, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелерин талкуулашкан. Анын соңунда Ташиев менен Ятимов атайын билдирүү жасап, кыргыз-тажик чек арасынын 90% макулдашылганын билдиришкен. Ташиев анын ичинде Баткендеги “Кайрагач айылынан баштап Кулунду, Максат, Арка, Арка-1, Арка-2, Жаңы-Жер, Жийделикке чейинки айылдардын тушундагы такталбаган тилкелер макулдашылганын” ырастаган. Президент Садыр Жапаров 11-декабрда Баткендин Ак-Сай айылында жаңы курулган мектептин ачылышында сүйлөп жатып, Тажикстан менен чек ара 2024-жылдын жаз айына чейин такталып каларын айткан. Бийлик ага чейин чек араны тактоо иштери ушул жылдын аягына чейин бүтөрүн билдирген эле.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.