DOLON MEDIA

Курултайда тууну өзгөртүү боюнча маселе көтөрүлдү

15-декабрда Бишкекте өтүп жаткан Элдик курултайда тууну өзгөртүү тууралуу мыйзам долбооруна байланыштуу маселе көтөрүлдү. Баткен шаарынан келген делегат Жумабек Абдипатта уулу коомчулукта тууну өзгөртүү демилгеси боюнча кызуу талкуу уланып жатканын, президент Садыр Жапаров бул боюнча өз позициясын билдирүүсү керек экенин айтты. Мамлекет башчы желек боюнча пикирин билдирген жок. Ал эми курултайдын дагы бир делегаты Эльнура Жуманова да азыркы Тууну өзгөртпөөгө чакырганда Курултайдын катышуучулары бир топко тынбай кол чаап турушту. Залда ЖКтин төрагасы Н. Шакиев да катышып отурган.

Садыр Жапаров курултайдын биринчи күнүндө чыгып сөз сүйлөгөндөрдүн суроолорун жазып алып, 16-декабрда жооп берерин билдирген.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.