DOLON MEDIA

Нарын облусунда атактуу мугалим А. Койчумановдун 100 жылдыгы белгиленди

Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ак-Моюн айылында жайгашкан атактуу мугалимдин атын алып жүргөн Апыш Койчуманов атындагы мектепте  Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, Социалисттик эмгектин Баатыры Апыш Койчуманов эскерилди. Мектеп мугалими Чолпон Апаеванын айтымында А. Койчуманов кезегинде 6 миңден ашык көрсөтмө куралды кол менен териден, кийизден жасап балдарга билим берип келсе, учурда кесиптештери ал көргөзмө куралдарды компьютердин тилине салганга аракет кылышууда. Эскерүү кечесинде окуучулар мугалимдин өмүр жолунан театралдаштырылган оюн көрсөтүштү. Коноктор А. Койчумановдун музейи менен таанышышты.  Эскерте кетчү жагдай А. Койчуманов1923 жылы Ат башы районундагы Ак Моюн айылында дыйкандын үй бүлөсүндө туулган, 1940 жылы Кызыл Дыйкан жети жылдык мектебин бүтүрүп мектепте мугалим болуп иштеген, 1940 жылы Советтик Армиянын катарына чакырылып Улуу Ата Мекендик согушта 1941жылдан 1945 -жылга чейин катышкан. Согуштан кийин өмүрүнүн акырына чейин Кызыл Дыйкан орто мектебинде мугалим болуп иштеген. 1969 жылы ондуруштон ажырабастан сырттан окуп жогорку билимге ээ болгон. Ал жаш муундарга бекем билим берүүдө 44 жыл бою талыкпай эмгектенген.Таланттуу педагогдун эмгеги жогору бааланып ,ага 1974 -жылы Кыргыз ССР инин мектептерине эмгек синирген мугалими, деген наам берилген ССР жогорку Советиинин Президиумунун Указы менен 1978- жылы Социалисттик Эмгектин Баатыры деген ардактуу наам ыйгарылган

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.