DOLON MEDIA

Бишкекте экинчи Элдик курултай башталды, ага нарындык делегаттар да катышууда

15-декабрда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында экинчи Элдик курултай башталды.

Бул жолу курултайга 700 делегат келди. Анын ичинен 640 киши Кыргызстандын аймактарынан, 30 адам этностук өкүлчүлүктөрдөн, 30 делегат чет өлкөдөгү эмгек мигранттарынан шайланышты. Курултайда 695 делегат катышып жатат.Нарын облусунан квота менен 8 делегат шайланган. Алардын ичинен 6 делегат жарыш сөзгө,1 делегат Улуттук  кеңешке, 1 делегат Эсептөө комиссиясына талапкерликке катталган. Элдик курултайга президент Садыр Жапаров, Жогорку Кеңештин депутаттары, Министрлер кабинетинин мүчөлөрү, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү катышууда. Элдик курултай демилгеси Кыргызстанда көп жылдардан бери айтылып, бирок аны мамлекеттик деңгээлде уюштурууга негиз болуучу жаңы мыйзам кабыл алына элек болчу.Биринчи элдик курултай былтыр ноябрда өткөн. Курултай 15-16-декабрь күндөрү өтөт.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.