DOLON MEDIA

Тууну өзгөртүү долбоору ЖК комитетине экинчи окууга киргизилди

Мамлекеттик туунун элементтерин өзгөртүү жөнүндөгү мыйзам долбоору парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетине экинчи окууга киргизилди. Документ комитеттин 19-декабрдагы жыйынында каралат.

Президент Садыр Жапаров 16-декабрда экинчи Элдик курултайда тууга өзгөртүү киргизүү демилгеси ага таандык экенин билдирген. Мамлекет башчы залда отургандардан бул сунушту колдоп берүүнү суранып, делегаттардын айрымдары кол чапкан. Бирок желекти өзгөртүү демилгеси колго салынып, добуш берилген жок.

Желекти өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун спикер Нурланбек Шакиев менен депутат Улан Примов жазып, сентябрь айында коомдук талкууга коюшкан. Анда документтин максаты “өлкөнүн мамлекеттик башкы символдорунун бири болгон тууну жакшыртуу” экени белгиленген. Садыр Жапаров курултайда мыйзам долбоорун жазуу сунушун Нурланбек Шакиевге ал бергенин айтты. Жаңы сунушталган вариантта кызыл түстөгү туунун ортосундагы күндүн нуру толкун сымал эмес, түз берилген жана нурлар өзүнчө бөлүнгөн. Түндүктүн элесиндеги үч чамгарак төртөө болуп өзгөргөн. Кыргызстандын мамлекеттик туусу өлкө эгемендик алгандан кийинки алгачкы парламенттин 1992-жылдын 3-мартындагы токтому менен бекитилген.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.