DOLON MEDIA

Президент Жапаров Бакуда Илхам Алиев менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров Баку шаарына болгон иш сапарынын алкагында 24-ноябрда Азербайжандын лидери Илхам Алиев менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдиргендей, тараптар соода-экономикалык, маданий-гурманитардык кызматташууну жана эки өлкөнүн алакасынын келечегин талкуулашты. Президент Алиев бүгүнкү күндө эки мамлекеттин кызыкчылыгына багытталган соода жүгүртүүнү көбөйтүү, инвестициялык саясат жана башка бир катар актуалдуу маселелер чечилип жатканын билдирди. Ал …

Президент Жапаров Бакуда Илхам Алиев менен жолугушту Толугу менен »

Нарында прокуратура кызматкерлеринин кесиптик күнү белгиленди

Бүгүн 24-ноябрда аталган кызматтын эмгек жамааты майрамдык салтанатка чогулушту. Ал иш чарага катышкан КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Адыл Солтоев прокуратура кызматкерлерин куттуктап, облуста мыйзамдуулукту сактоодогу прокуратуранын ордун баса белгилеп, пилоттук долбоорлорду ишке ашырууда аталган кызматты жардамы зор экенмн билдирди. Салтанаттын жүрүшүндө мыктыларга облус жетекчисинин сыйлыктары тапшырылды. Эске сала кетсек …

Нарында прокуратура кызматкерлеринин кесиптик күнү белгиленди Толугу менен »

Нарын шаарында баатырдын ысмындагы жаны парктын ачылышы болду

Нарын шаарындагы РТС чөлкөмүндө 2022-жылы өлкөбүздүн Баткен облусунун аймагындагы мамлекеттик чек арада куралдуу кагылышты курман болгон 27 жаштагы Нурсултан Жаныбековдун ысмы ыйгарылган парктын ачылышы 24-ноябрда болду. Ага облус, шаар жетекчилиги, туугандары, кызматкерлери, куралдаш жоокерлер катышты.  Алар Н. Жаныбековдун эрдигин даназалап, мыкты жоокер болгонун эскеришти. Ал тирүү кезинде эле күжүрмөн эрдиги үчүн Президенттин Ардак грамотасына, бир …

Нарын шаарында баатырдын ысмындагы жаны парктын ачылышы болду Толугу менен »

Кыргызстанда эки нөөмөт менен иштеген бала бакчалар ачылат

Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен Кыргызстанда кыска мөөнөттүү 500 бала бакча уюштурулуп жатат. Анын ичинен 290 бала бакчанын имаратын жергиликтүү бийлик берген, учурда аларды оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат. Дагы 270 бала бакчаны курууга тендер жарыяланды. Дүйнөлүк банктын басма сөз кызматы кабарлагандай, бул бала бакчаларда наристелер күндүз үч саат болушат. Негизги көңүл балдарды өнүктүрүүгө бурулуп, тамак …

Кыргызстанда эки нөөмөт менен иштеген бала бакчалар ачылат Толугу менен »

Көлбаевге таандык 720 батир мамлекетке өткөрүлүп берилгени кабарланды

Атайын операция маалында өлтүрүлгөн Камчыбек Асанбекке (Камчы Көлбаев) таандык болгон 720 батирди ыктыярдуу түрдө мамлекеттин пайдасына өткөрүп беришкенин 22-ноябрда Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча агенттиктин директорунун орун басары Медер Машиев билдирди. Ал “Кабар” маалымат агенттигинде өткөн пресс-конференцияда берген маалыматка караганда, батирлер 2027-жылы курулуп бүтөт: “Ыктыярдуу түрдө мамлекетке өткөрүп берүү тууралуу арыз менен кайрылса болот. Ошондой кайрылуунун …

Көлбаевге таандык 720 батир мамлекетке өткөрүлүп берилгени кабарланды Толугу менен »

Соттор – сахнада

Нарын облусунун Кочкор райондук сотунун жамааты 21-ноябрда  «Айтматовдун каармандары кыргызга үлгү» аттуу иш-чара өткөрүштү. Залкар жазуучу Ч. Айтматовдун быйылкы жылы белгиленип жаткан 95 жылдыгына байланыштуу, Кочкор районунда «Кыргыз тили жана Айтматовдун ааламы»  үч айлык жарыяланган.  Анын алкагында Кочкор райондук сотунун жамааты тарабынан өткөрүлдү. Кочкор райондук сотунун терагасынын милдетин аткаруучу Өмүрбек Сарыбаевдин айтымында райондук соттун иш …

Соттор – сахнада Толугу менен »

Токтогул ГЭСиндеги жоокердин өлүмүнө шектүү аскер кармалды

Ички иштер министрлигинин Ички аскерлер бөлүгүнүн басма сөз кызматы кабарлагандай, шектүү жоокер Б. У.21-ноябрда саат 16:00 чамасында кармалды. Маалыматка ылайык, ал Кара-Көл шаарындагы үйлөрдүн биринин чатырында жашынып жаткан жеринен сүйлөшүү жолу менен колго түшүрүлгөн. Анын жанынан куралы да алынган. Шектүү Аскер прокуратурасына өткөрүлүп берилди, учурда тергөө амалдары жүрүп жатат. 20-ноябрда таңга маал Токтогул ГЭСин кайтарган …

Токтогул ГЭСиндеги жоокердин өлүмүнө шектүү аскер кармалды Толугу менен »

Нарын суу канал ишканасы суу түтүктөрүн туура пайдаланууга чакырат

Аталган мекемеден билдиришкендей ыплас суулар үчүн түтүктөр да жашоочулар тарабынан туура пайдаланбай, ар кандай таштандылар да суу түтүктөрү менен кошо кеткендиктен алар да жарылып же тыгын пайда болууда. 21-ноябрда Нарын шаарындагы Москва чөлкөмүндө И. Раззаков көчөсүндөгү Мед айымдар аллеясында ыпылас суулардын түтүктөрү жарылып, шаардыктар үчүн онтойсуздук жаралууда. Буга байланыштуу аталган ишкана жашоочуларды таза суунунубу, ыпылас …

Нарын суу канал ишканасы суу түтүктөрүн туура пайдаланууга чакырат Толугу менен »

Нарында мектептерге жылуулук берилди

Нарын шаарындагы №8 Арстанбек Буйлаш уулу атындагы жана № 5 Кычан Жакыпов атындагы мектептерге жылуулук толук бериле баштады. Нарын жылуулук берүү ишканасынын башчысы Улан Айтиев бүгүн 21-ноябрда аталган мектептердин бирине барып жылытуу системасын көрдү. Жаны окуу жылы башталганда аталган эки мектептен жылуулук системалары капиталдык ремонттон өз убагында өтпөй калган. Ата-энелердин айтымында жылуулук берүү сезону башталганда …

Нарында мектептерге жылуулук берилди Толугу менен »

Акыйкатчы институту: Шерипбаева коюлган айыпка макул эмес экенин айтты

18-ноябрда Акыйкатчы институтунун кызматкерлери Бишкектеги №1 тергөө абагында жаткан журналист, Nazar news сайтынын башкы редактору Гүлжан Шерипбаева менен жолугуп чыгышты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, ал үй-бүлөсүнө жеке адвокатка муктаж экенин айтып коюуну өтүнгөн. Буга чейинки тергөө иш-чараларында ага мамлекеттик жактоочу берилген. Маектешүүдө коюлган айыпка макул эмес экенин айткан. “Аны менен …

Акыйкатчы институту: Шерипбаева коюлган айыпка макул эмес экенин айтты Толугу менен »