DOLON MEDIA

Автоунааларды милдеттүү камсыздандыруу 2025-жылга калды

Жарандар үчүн автоунааларды милдеттүү түрдө камсыздандыруу (ОСАГО) мурда маалымдалгандай 2024-жылдын 1-январынан эмес, 2025-жылдын 1-январынан тарта ишке кирет. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги маалымдады. Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы (Финкөзөмөл) мурдараак машинелерди камсыздандырууну жарым жылга артка жылдыруу сунушталганын “Азаттыкка” билдирген. Кыргызстанда автоунаага милдеттүү түрдө камсыздандыруу эрежесин киргизүү аракети бир нече жылдан бери көрүлүп келет. Улам артка жылып, 2023-жылдын 1-январынан күчүнө кирмек болгон. Өкмөт анын убактысын да жылдырып, 2024-жылдын 1-январына чейин калтырган. Ал эми Кыргызстанда иштеген чет өлкөлүк жарандар жана чет элдик ишканалар үчүн автоунааны милдеттүү камсыздандыруу 2023-жылдын 1-апрелинен тартып күчүнө кирген. Башка мамлекеттерде катталган автотранспорт каражаттарынын ээлери жана (же) айдоочулары, юридикалык жактардын, анын ичинде мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын менчигинде же ээлигинде турган автотранспорт каражаттары да быйыл апрелден тартып машинесин милдеттүү түрдө камсыздандыра баштаган.

Автоунааларды милдетүү түрдө камсыздандыруу автокырсыкка учурап, жабыркаган тарап тарткан зыяндын ордун толтуруу, машине ээлеринин кызыкчылыктарын коргоо үчүн керек экени айтылган. Мамлекеттик каржылык көзөмөл мекемеси камсыздандыруу полисинин баштапкы баасы 1680 сом экенин, баа машиненин түрүнө, айдоочунун жашы менен тажрыйбасына жана ал жол кырсыктарына канчалык көп учураганына жараша өзгөрүп турарын билдирген.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.