DOLON MEDIA

Тууну өзгөртүү долбоору сессиянын күн тартибине экинчи окууга киргизилди

Мамлекеттик туунун элементтерин өзгөртүү жөнүндөгү мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин 20-декабрдагы жыйынынын күн тартибине экинчи окууга киргизилди.

19-декабрда парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети документти дароо экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алган. Комитеттин отурумунда депутаттар Мирлан Самыйкожо, Жамиля Исаева жана Арсланбек Малиев сунуштар кеч берилди деген негиз менен мыйзам долбооруна кошулган жок. Мирлан Самыйкожо желектин айланасындагы талаш-талкууга чекит коюу үчүн референдум өткөрүү керек экенин айтты. Президент Садыр Жапаров 16-декабрдагы экинчи Элдик курултайда тууга өзгөртүү киргизүү демилгеси ага таандык экенин, мыйзам долбоорун жазуу сунушун спикер Нурланбек Шакиевге өзү бергенин айтты. Мамлекет башчы залда отургандардан бул сунушту колдоп берүүнү суранып, делегаттардын айрымдары кол чапкан. Бирок желекти өзгөртүү демилгеси колго салынып, добуш берилген жок. Жаңы сунушталган вариантта кызыл түстөгү туунун ортосундагы күндүн нуру толкун сымал эмес, түз берилген жана нурлар өзүнчө бөлүнгөн. Түндүктүн элесиндеги үч чамгарак төртөө болуп өзгөргөн.

 

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.