DOLON MEDIA

Жамгырчиев парламент имаратынын 2-кабатынан секирип түшүп, тергөөчүлөрдөн качып кетти

9-январда Жогорку Кеңештеги депутаттык комиссия жабык жыйында “Альянс” фракциясынын мүчөсү Эмил Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга негиз бар деген бүтүм чыгарды.

Ушул эле күнү УКМКнын тергөөчүлөрү Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиевге чакыруу кагазын берүүгө аракет кылганда ал фракциялашы Нилуфар Алимжанованын иш бөлмөсүнө кирип, Жогорку Кеңештин имаратынын 2-кабатындагы терезеден секирип түшүп, Чүй проспектисин көздөй кеткенин ишенимдүү булактар “Азаттыкка” кабарлады. УКМК азырынча бул тууралуу маалымат бере элек.

41 жаштагы депутат буга чейин өзүнө тагылган күнөөнү четке кагып, муну “саясий куугунтук” катары баалай турганын билдирген. Былтыр 27-декабрда башкы прокурор Курманкул Зулушев депутат Эмил Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат сураган. Парламенттин төрагасы Нурланбек Шакиев эл өкүлүнө Кылмыш-жаза кодексинин “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” беренеси менен айып тагылганын билдирген. Аны жоопкерчиликке тартууга уруксат берүү же баш тартуу жана козголгон кылмыш ишин иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүлгөн. Конституциянын 78-беренесине ылайык, Жогорку Кеңештин депутаты ишмердигине байланыштуу айткан ой-пикири же берген добушу үчүн куугунтукка алынбайт. Эл өкүлү кылмыш жасап жаткан жеринен кармалган учурду кошпогондо парламент мүчөлөрүнүн көпчүлүгүнүн макулдугу менен гана жоопко тартылат.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.