Башкы прокуратура Арстанбек Абдылдаевдин (Арстан Алай) абактагы өлүмү боюнча Чүйдүн Молдовановка айылындагы №31 түзөтүү мекемесинин кызматкерлерине кылмыш ишин козгоду. Аларга “Абдылдаев өз өмүрүнө кол салууга аракет жасап жатканда көңүл бурулбай, анын коопсуздугун камсыз кылууга ыкчам чаралар көрүлгөн эмес” деген айып коюлду. 5-январда Абдылдаевдин сөөгү абактын ашканасында асынып турганда табылган. Маркумдун жакындары анын өлүмүнүн тыкыр иликтенишин талап кылып жатат. Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун директору Бакыт Рысбеков 2020-2022-жылдары өлкөнүн жабык жайларында 151 киши каза болгонун айтты.
![](https://dolon.kg/wp-content/uploads/2024/01/1050757789_0_139_2048_1675_1920x0_80_0_0_d455b1e22d98489bc05d77949254cda9-1.jpg)