DOLON MEDIA

Нарын ШИИБдин кызматкерлери кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шектелип кармалды

Нарын шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкери “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга” шектелип кармалды. Бул тууралуу 16-мартта УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, үстүбүздөгү жылдын 14-мартында УКМКнын Нарын облусу боюнча башкармалыгына З.К. аттуу жаран белгисиз адамдарга карата чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган. Анда Нарын шаарындагы оюн-зоок мекемелеринин биринде аны белгисиз адамдар эч себепсиз кемсинтип, бөтөлкө менен чаап жиберишкени жазылган. 

“Жабырлануучу 102 кызматына телефон чалган, бирок келген милиция кызматкерлери шалаакылык мамиле кылып окуя болгон жерден кетип калышкан. Мекеменин көзөмөл камераларынан алынган видеоматериалдарга караганда, милиция кызматкерлери арыз ээсинин жүйөлөрүнө чындап эле тийиштүү аракет кылбаганы, андан тышкары кылмыш чөйрөсүнө жакын адамдардын аны шылдыңдап, уруп-сабоого жол бергендиги көрсөтүп турат”, – деп айтылат маалыматта.

Бул факты боюнча “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу (шалаакы аракетсиздик)” беренелери менен кылмыш иши козголду. Мекеменин басма сөз кызматынан учурда тергөө  

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.