DOLON MEDIA

Нарында өткөн жылы балдарга карата жасалган зомбулуктун 44 учуру катталган


Нарын ОИИБнын Балдар иштери боюнча инспекциясынын улук инспектору Кутман Нурманбетовдун маалыматына таянсак, облус боюнча өткөн жылы балдарга карата жасалган  44 зомбулук фактлары катталып, мунун ичинен 6 учуруна  кылмыш иши козголуп, иш сотко жөнөтүлгөн. Ал эми 36 учурунда кылмыштын  курамы жок болгондугуна жана тараптардын элдешип алгандыгына  байланыштуу өндүрүштөн кыскартылган.

“Жалпы зомбулук фактларынын 26сы үй-бүлөлүк зомбулук катары таанылып, коргоо ордерлери берилип, тийштүү иш-чаралар жүргүзүлгөн. Балдарга карата жасалган зордук зомбулуктун эң көбү, 33 учуру Нарын шаарында катталган.  Ал эми Ат-Башы районунда 3, Жумгал районунда 1, Кочкор районунда  2, Нарын районунда 5 факт катталса, Ак-Талаада катталган эмес. Ал эми үстүбуздөгү жылдын  үч айында балдарга карата жасалган  сегиз зомбулук  учурлары  катталды. Төрт учуру үй-бүлөлүк зомбулук катары таанылып,  коргоо ордерлери берилди”,-деди ал.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.