DOLON MEDIA

Нарын мамлекеттик университетинде коррупциялык схема аныкталды

Нарын мамлекеттик университетинде (НМУ) чет элдик студенттерди кабыл алуу, которуу жана окутуу тартибин одоно мыйзам бузуу фактылары аныкталды.

УКМКнын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, НМУда 2020-2021 жана 2021-2022-окуу жылында өлкөнүн билим берүү кызматтарын экспорттоо чөйрөсүндөгү кызыкчылыктарына доо кеткен мыйзам бузуулар аныкталган.

Ага ылайык, университеттин жетекчилиги кабыл алуу комиссиясынын мүчөлөрү менен сүйлөшүп алып, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган.

“Чет өлкөлүк студенттерди кирүү экзамендерисиз кабыл алуу боюнча мыйзам бузуулар, аларды кабыл алуу жөнүндө буйруктар чет өлкөлүк окуу жайлары тарабынан берилген билими тууралуу документтердин мазмунунун деңгээлине ылайык келүү боюнча Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан сынаксыз өткөн жолу менен чыгарылган. Мындай жол менен кабыл алынган студенттердин көбү Кыргызстандын аймагында көп убакыттан бери жок болгон. Ошондой эле толук бир окуу жылына (эки академиялык семестр) эсептелген окуу сабактары бир семестрде өткөрүлгөнү белгилүү болду”,- деп айтылат маалыматта.

Мекеменин басма сөз кызматынан билдиргендей, бул мыйзам бузуулар КР МУКК тарабынан демилгеленген Билим берүү жана илим министрлигинин комиссиясынын корутундусу менен тастыкталган.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, аталган университеттин үч кызматкерине айып тагылып, тергөөнүн жыйынтыгы сотко жиберилген.

 

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.