DOLON MEDIA

Британ тышкы иштер министри Дэвид Кэмерон Бишкекке келди

Дэвид Кэмерон визит учурунда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен жолугуп, тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Кэмерон “Азаттыкка” курган эксклюзивдүү маегинде “Кыргызстандын өнөктөштөрдү тандоо укугу болушу керектигин” белгиледи. Кыргызстандын гидроресурстарга бай экенине басым жасаган министр климаттын өзгөрүшү шартында экологиялык долбоорлорду колдоого зарыл экенин билдирди. Бул багытта Лондон орто жана чакан бизнести колдоочу инвестициялык фонд түзөрүн кошумчалады. Мындан сырткары Кэмерон Британиядан келген жеке инвестицияларга токтолуп, Бишкектеги стадионду курууга британиялык ишканалар катышып жатканын маалымдады. Былтыр 28-29-ноябрда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баштаган делегация Лондонго барып, отуздан ашык иш-чарага катышкан.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.