DOLON MEDIA

Депутат Эмилбек Жусупов мандатын тапшыруу боюнча БШКга арыз жазды

Жогорку Кеңештин депутаты Эмилбек Жусупов 20-апрелде мандатын тапшыруу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) арыз жазды. Ал 2021-жылы “Ишеним” партиясынан шайланып келген. Бул тууралуу Боршайкомдун мүчөлөрү Абдыжапар Бекматов менен Акбалык Жумалиева билдирди. Алардын сөзүнө караганда, Эмилбек Жусуповдун арызы БШКнын жакынкы отурумдарында каралат. Буга чейин ондогон үлүшчүлөр парламенттин депутаты Эмилбек Жусупов негиздеген “Эмаком” курулуш компаниясына акча төгүп, батирлерин ала албай жатканын айтып чыгышкан. Депутат азыр ал ишканага тиешеси жок экенин билдирген. 2023-жылы ноябрь айында “Эмаком” курулуш компаниясынын жетекчиси, Эмилбек Жусуповдун агасы Мелис Жусупов кармалган. Бишкектин Октябрь райондук ички иштер башкармалыгы ага Кылмыш-жаза кодексинин “Алдамчылык” беренеси менен айып тагылганын билдирген. Соңку жылдары Кыргызстанда үлүштүн негизинде чогулган акчага там салып, батир саткан курулуш компанияларынын саны 150дөн ашканы кабарланган. Алардын айрымдары үлүшчү менен түзгөн келишимин так аткарып, батирин убада кылынган мөөнөттө бүтүрүп берсе, кээ бирлери курулушту жүргүзбөй, үлүшчүлөрдүн акчасын да кайтарып бербей, соттошкон учурлар бар.

Буга улай эле ЖК тин депутаты Жусуп Коргонбай уулу да мандатын таптшырганы боюнча маалыматтар чыгууда

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.