DOLON MEDIA

Бишкектеги окуялар: тогуз кылмыш иши козголуп, 10 адамга айып тагылды

Бишкек шаарынын ички иштер органдары 13-майдын түнүндө Атай Огонбаев көчөсүндө жайгашкан жатакананын алдында болгон окуядан соң, милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын кызматкерлери жана ыкчам-тергөө тобу жөнөтүлгөнүн кабарлады.Расмий маалыматта 18-майга караган түнү болгон окуялардын бардык фактылары жана жагдайлары кылдат каралып, иликтенери, мыйзамсыз иштерге тиешеси бар адамдар жоопко тартылары айтылат. “18-майда Бишкек шаарында жана Чүй облусунун жакын райондорунда бейбаштык аракеттер, башаламандык, чет өлкөлүк жарандарга физикалык зомбулук көрсөтүү жана материалдык зыян келтирүү фактылары орун алган. Ички иштер органдары чет өлкөлүк жарандарга зомбулук колдонуунун бардык фактылары боюнча ыкчам чара көрүп, кырдаалдын курчушуна жол бербөө максатында толук иш алып барышкан. Ыкчам кырдаал курчуп кеткен учурда милиция күч колдонуп, таратууга даяр болчу. Бирок буга жеткен жок. Милиция тарабынан көрүлгөн аракеттер менен түшүндүрүү иштери аркылуу кырдаал турукташты десек болот”, – деп айтылат маалыматта. Бишкекте болгон окуялар боюнча Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун тергөө кызматтарында тогуз кылмыш иши козголгон. Анын ичинен бейбаштык боюнча үч, тоноого байланыштуу бир, каракчылык боюнча бир, массалык башаламандык боюнча үч, расалык, этникалык, улуттук, диний жана региондор аралык кастыкты (араздашуу) козгоого байланыштуу бир кылмыш иши тергелип жатат.

Козголгон иштердин алкагында 33 жаран жабырлануучу деп табылып, 10 адамга айып тагылган. Алардын ичинен алтоо Кыргызстандын, төртөө чет өлкөнүн жарандары.

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.