Президенттин Баткендеги өкүлүнүн кеңешчиси эки айга камалды

Президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн кеңешчиси М.Т.А. соттун чечими менен 11-январга чейин камакка алынды. Баткен облустук сотунун маалыматы боюнча, ал Оштогу тергөө абагында кармалат. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн кеңешчиси 200 миң АКШ долларын опузалап талап кылганы үчүн кармалганын 24-ноябрда билдирген. Атайын кызмат тараткан маалыматка ылайык, ал көмүр казуучу ишкананын башкы директору А.Б.А. …

Президенттин Баткендеги өкүлүнүн кеңешчиси эки айга камалды Толугу менен »