DOLON MEDIA

Аймактык гезиттердин редакторлорунун кайрылуусу


Бүгүн, 15-мартта облустук гезиттердин башкы редакторлору облустук гезиттердин жоюлушу боюнча КабМиндин токтом долбоорунун элдик талкууга коюлушуна пикирин билдиришип, кайрылуу кабыл алышты.

Кайрылууда облустук гезиттердин редакцияларын жоюу жөнүндөгү Министрлер Кабинетинин токтомунун жалпы элдик талкууга коюлушу анда иштеген журналисттерди бушайманга салганы айтылып, коомчулуктун арасында да кызуу талкууну жаратып жаткан бул токтом долбоорун элдик талкууга чыгарбай эле токтотуп коюуну өтүнүшкөн.

“Тескерисинче, интернет мейкиндигинде, соц.тармактарда өлкөнүн биримдигине доо кетирген ар кандай терс маалыматтар тарап жатканда, мамлекеттик саясатты, улуттук идеологияны өлкөнүн алыскы аймактарына жайылтуучу, ишенимдүү курал аймактык гезиттерди тескерисинче күчтөнтүү керек деп ойлойбуз. Биз, бул жерде жеке кызыкчылык, кызмат үчүн эмес, мамлекеттин кызыкчылыгы, Президенттин жана Министрлер Кабинетинин өлкөнү өнүктүрүү багытындагы стратегиялык пландарын жүзөгө ашыруучу чоң трибуна – облустук гезиттерди сактап калуу үчүн аракет жасап жатабыз.

Гезит – бул өлкөнүн тарыхы, архиви, керек болсо алиппеси. Эл дал ошол гезиттерден сүйлөө жана жазма маданиятын өнүктүрөт. Андан да маанилүүсү мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн туура, так маалыматтарды таратат. Азыр дагы элетте гезитти чыдамсыздык менен күтүп окуган ондогон окурмандар бар”,-деп айтылат кайрылууда.

Ошондой эле Президенттин стратегиялык пландарын, саясатын эң алыскы айылдарга чейин жеткирүү редакторлордун биринчи милдети экендиги жана облустук гезиттердин сапатын жакшыртып, кыска аралыкта  өзүн-өзү каржылоого  өткөрүп,  нускасын 5000 ге чейин жеткирүү пландары бар экендигин белгилешкен.

https://www.facebook.com/tenirtoogeziti/posts/pfbid02fvpLbFEhARe3qzoU92ayJZDjJG1dgf3vy8uivbqrFCwL35L3rsHLwAvgRrjcRKyRl

Бөлүшүү:

Пикир калтыруу

Email дарегиңиз эч жерде жарыяланбайт. Сөзсүз толтурула турган жерлер * белгиси менен белгиленген.

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.